4-статья. Сорттук үрөндөрдү өндүрүүнүн жана сертификациялоонун принциптери
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159
4-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 4-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Кыргыз Республикасында үрөндүк материалды өндүрүү Кыргыз Республикасында иштелип чыккан, ошондой эле ОЕСДынын схемаларына ылайык схемалар боюнча жүзөгө ашырылат, ал бардык сорттук үрөн өндүрүүчүлөр үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Схемалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аларды көбөйтүүдө түшүнүктөрдү бирдей абалга келтирүүнү камсыз кылууга жана төмөндөгү принциптерге жооп берүүгө тийиш:
- схемаларда өзгөчөлөнгөн, элиталык (базистик) жана сертификатталган (өзү чаңдашуучу өсүмдүктөр - биринчи жана экинчи репродукция, кайчылашып чаңдашуучу өсүмдүктөр - биринчи муундагы репродукция) үрөн категориялары таанылат;
- схемалар үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы органда сыноодон өткөн жана Мамлекеттик реестрине киргизилген сортторго таандык кылынат;
- үрөндөрдүн корголуучу сортторун өстүрүү жана сатып өткөрүү үрөндөрдүн патент ээлеринин уруксаты менен гана жүргүзүлөт;
- айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын жетекчисинин буйругу менен аныкталган ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан инспекциядан өткөрүлөт, үрөн участоктору жана мөмө-жемиш питомниктери, ошондой эле гибриддештирилген участоктор жеринде иликтенет;
- үрөндөрдүн сортторун репродукциялоонун саны ОЕСДнын схемалары менен так чектелет;
- үрөндөрдүн сортторун кийин алып келүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде көбөйтүү сорттун оригинатору менен консультациядан кийин макулдашкан тараптардын айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы менен макулдашылган схемасы боюнча контракт (келишим) боюнча жүзөгө ашырылат;
- сорттун оригинаторлору оригиналдуу үрөндөрдүн мындай сортторунун камсыздандырылган жана өтмө запасын айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын тиешелүү ченемдик актысы менен аныкталуучу көлөмүндө такай кармап турууга милдеттүү.
2. Себүү жана сатып өткөрүү үчүн пайдаланылган сорттук үрөндөр айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан бекитилүүчү өсүмдүктөрдүн тизмесинин негизинде инспекциялоо жана апробациялоо органы тарабынан милдеттүү түрдө сертификациядан өткөрүлөт.
Мамлекеттик стандарттардын талаптарына ылайык келген сорттук үрөндөргө - ылайык келүү сертификаты берилет. Экспорттолуучу үрөндөр керектөөчүлөрдүн талабы боюнча ылайык келүүнүн эл аралык сертификаты менен коштолот. (Абзац КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттарына документти берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Үрөндүк материалдын, кыртыш контролунун инспекциясын, үрөндүн текшерилүүчү үлгүсүн тандап алуунун жана талдоонун методдору Кыргыз Республикасында иштелип чыккан эрежелерге, ошондой эле ОЕСД жана ИСТАнын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Милдеттүү түрдө инспекциялана турган өсүмдүктөрдүн тизмесине кирбей калган сорттуу үрөндөр баштык, каптагы жана сапаттын коштомо документтеринде көрсөтүлгөндөргө ылайык көбөйтүлөт жана сатып өткөрүлөт.
3. (КР 2016-жылдын 18-июлундагы № 120 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берүү үчүн талаадагы сыноолордон өтүүгө милдеттүү болгон өсүмдүктөрдүн тизмеги аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген сорттор, гибриддер Мамлекеттик реестрге киргизилет.
Бул үчүн сорт төмөнкүдөй талаптарга ылайык келиши керек:
а) сорттун, анын келип чыгышынын жана селекциясынын методунун сыпаттамасына ылайык келген баяндамасы болууга;
б) сорттун тиешелүү аты болууга;
үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органда сорттун үрөндөрүнүн үлгүсү болууга тийиш.
6. Мамлекеттик реестр жалпыга маалымдоо каражаттарында жылына кеминде бир жолу жарыяланып турат. Сортту эсепке алуунун шарттары сакталбаганда үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган сорту жана гибридди реестрден чыгарып салуу жөнүндө сунуш киргизе алат.
(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2016-жылдын 18-июлундагы № 120 , 2019-жылдын 5-мартындагы № 32, 2023-жылдын 4-августундагы № 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 марта 2019 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2016 года № 120 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 января 2007 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
04.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылууга жана төмөндөгү принциптерге жооп берүүгө тийиш:
- схемаларда алынып салынды: үрөндөрдүн өзгөчөлөнгөн, элиталык кошулду: (базистик) жана алынып салынды: баштапкы кошулду: сертификатталган (өзү чаңдашуучу өсүмдүктөр - биринчи жана алынып салынды: кийинки муундарынын репродукцияларынын кошулду: экинчи репродукция, кайчылашып чаңдашуучу өсүмдүктөр - биринчи муундагы репродукция) үрөн категориялары таанылат;
- схемалар үрөндөрдү, көчөт материалын … аныкталган ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан инспекциядан өткөрүлөт, кошулду: үрөн участоктору жана мөмө-жемиш питомниктери, ошондой эле гибриддештирилген участоктор жеринде иликтенет;
- үрөндөрдүн сортторун репродукциялоонун саны алынып салынды: патент ээси кошулду: ОЕСДнын схемалары менен алынып салынды: үрөндөрдү өндүрүүчүнүн ортосундагы лицензиялык келишим менен бекем кошулду: так чектелет;
- үрөндөрдүн сортторун кийин алып келүү үчүн Кыргыз … себүү сапаттарына документти берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Үрөндүк материалдын, кыртыш контролунун … № 171, 2016-жылдын 18-июлундагы № 120 , 2019-жылдын 5-мартындагы № алынып салынды: 32 кошулду: 32, 2023-жылдын 4-августундагы № 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (2)
- Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 18.07.2016 · № 120
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 11.10.2012 · № 171 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/538/st-4" title="4-статья - Үрөн жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>