3-статья. Үрөндөр боюнча ишти жүзөгө ашыруучу органдар
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы
3-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 3-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Кыргыз Республикасында үрөн өндүрүү боюнча ишти башкаруучу, жөнгө салуучу жана аткаруучу органдар жүзөгө ашырышат. Айыл (токой) чарбасын башкаруу боюнча, ошондой эле үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана алардын тиешелүү ыйгарым укуктуу түзүмдөрү (мындан ары - айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы) башкаруучу органдар болуп саналат.
2. (КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Үрөнчүлүк боюнча Республикалык (ведомстволор аралык) кеңеш координациялоочу орган болуп эсептелет, ал ишке таламдаш тараптардын жана үрөндөрдү өндүрүүчү адамдардын, ортомчулардын жана керектүүчүлөрдүн өкүлдөрүнөн турат. Ал үрөнчүлүктү өнүктүрүүнүн стратегиясын жана тактикасын аныктайт, субъектилердин өз ара мамилелерин жөнгө салуучу актыларды иштеп чыгат жана жактырат.
4. Үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле төмөнкү иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктары бар субъекттер аткаруу органдары болуп саналат:
1) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерди Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик сыноодон өткөрүүгө жол берүүгө, селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоого алуу үчүн сортторду тесттен өткөрүүгө;
2) айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн жана отургузуучу материалдын сортторун жана себүү сапатын мамлекеттик контролдоого, үрөндөргө күбөлүктөрүн берүүгө.
(КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69, 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 марта 2019 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 января 2007 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 июня 2005 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 04.06.2005 · № 69
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/538/st-3" title="3-статья - Үрөн жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>