Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Үрөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 4-августу № 159 "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 1-беренеде:
а) биринчи бөлүктө:
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"СЕРТИФИКАТТАЛГАН ҮРӨНДӨР - түшүмдүүлүктүн бир кыйла жогорку көрсөткүчтөрүн камсыз кылуучу, үрөндүн кадимки сортторуна салыштырмалуу илдеттерге, зыянкечтерге жана климаттык өзгөрүүлөргө бир кыйла туруктуу болуп саналуучу жогорку сапаттагы үрөндөр.";
- жыйырма биринчи абзацта "Мамлекеттик үрөн инспекциясынын" деген сөздөр "үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырма төртүнчү абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) үрөн жөнөтүүчүлөр - ушул Мыйзамга ылайык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жөнөтүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер.";
3) 4-берененин 1-пунктунда:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"схемаларда өзгөчөлөнгөн, элиталык (базистик) жана сертификатталган (өзү чаңдашуучу өсүмдүктөр - биринчи жана экинчи репродукция, кайчылашып чаңдашуучу өсүмдүктөр - биринчи муундагы репродукция) үрөн категориялары таанылат;";
б) бешинчи абзац "инспекциядан өткөрүлөт," деген сөздөрдөн кийин "үрөн участоктору жана мөмө-жемиш питомниктери, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын;
в) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үрөндөрдүн сортторун репродукциялоонун саны ОЕСДнын схемалары менен так чектелет;";
г) 2-пункттун бешинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 5-берененин 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-берененин 2-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 9-берененин 3-пунктунда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 11-беренеде:
а) 1-пунктта:
- биринчи абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагына үрөндөрдү ташып келүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
б) 6-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2023-жылдын 22-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 11-январы № 04-13/2 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба…Приказ · 10.01.2025 · № 04-13/3
Шилтеме берет (1)
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38