12-статья. Ушул Мыйзамдын аткарылышына мамлекеттик контроль
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 марта 2020 года № 28
1. Үрөндүк материалдын сапатына мамлекеттик контроль үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат, алар:
алардын ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан даярдоочу жана соода кылуучу уюмдардагы үрөн өндүрүүчүлөрдүн сорттук жана үрөндүк контролун тоскоолдуксуз жүргүзүүгө; сорттук эгүүлөрдү контролдоону жана үрөндүк материалга инспекция жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга; алардын себүү сапаттарын аныктоо максатында үрөндөрдүн үлгүлөрүн тандап алууга жана талдоо жүргүзүүгө; үрөн өндүрүүчүлөрдөн, даярдоочу жана сатуучу уюмдардан үрөнчүлүк жана үрөндүк өсүмдүктөр, ошондой эле көчөттөр, үрөндөрдүн саны жана сапаты жөнүндө зарыл маалыматтарды жана документтерди сурап алууга; Мамлекеттик реестрине киргизилбеген сорттордун үрөндүк материалынын сапаты, ошондой эле көчөттөрдү жыйноо үчүн жараксыз жерлерден даярдалган токой өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жана үрөндүк материалды өндүрүүчү тарабынан өндүргөн үрөндүн сапаты жөнүндө документтерди бербөөгө; үрөндөрдү өндүрүүнүн технологиясы бузулган учурларда үрөнчүлүк жана үрөндүк өсүмдүктөрдү, ошондой эле көчөттөрдү жараксыз деп табууга; транспорт каражаттары, идиштер, таңгактар менен бирге үрөндөрдүн топтомун инспекциялык жана арбитраждык контроль үчүн кармап турууга; сорттук үрөндөрдү өндүрүүчүгө жана сатып өткөрүүчүгө үрөндүк материалда табылган кемчиликтерди четтетүү жана ыйгарым укуктуу инспектор тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө аны экинчи текшерүүгө берүү талабы менен кат жүзүндө буйрук берүүгө укуктуу. Буйрук аткарылбаган учурда ыйгарым укуктуу инспектор үрөндүк материалды тамак-ашка же тоюттук муктаждыктарга пайдалануу үчүн же үрөндүк материал уу химикаттар менен иштетилсе, аны жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу; коргоого алынуучу сорттун патент ээси же анын укук мураскери менен лицензиялык келишимсиз коргоого алынуучу сорттун үрөнүнө үрөндүк материалдын сапаты жөнүндөгү документтерди да бербөөгө; чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан үрөн өстүрүү жагындагы ишти жүзөгө ашырган учурдагы бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу.
2. (КР 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР 2019-жылдын 5-мартындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2005-жылдын 4-июнундагы № 69, 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32, 2020-жылдын 20-мартындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 марта 2020 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О семенах", "О химизации и защите растений", "О карантине растений")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 марта 2019 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 января 2007 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 июня 2005 года № 69 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
20.03.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тарабынан үрөн өстүрүү жагындагы ишти жүзөгө ашырган учурдагы алынып салынды: административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу.
2. (КР 2019-жылдын … № 69, 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2019-жылдын 5-мартындагы № алынып салынды: 32 кошулду: 32, 2020-жылдын 20-мартындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 05.03.2019 · № 32
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/538/st-12" title="12-статья - Үрөн жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>