Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Үрөн жөнүндө“, „Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө“, „Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 20-марты № 28 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Үрөн жөнүндө", "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 13-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 12-статьянын 1-пунктунун он биринчи абзацында "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-статья. Ушул Мыйзамды бузганы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";
3) 23-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене. "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2015-ж., № 1, 2-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 14-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.".
4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30(3102) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 12.01.2015 · № 2
Шилтеме берет (3)
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 12.01.2015 · № 2
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон