1-берене. Терминдердин аныктамасы
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй терминдер колдонулат: Аккредитация - сорттук үрөндөрдү сертификациялоо жагындагы белгилүү иш жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга толук укуктуулугун расмий түрдө таануу. Cоодалык жүгүртүүгө киргизүү - сорттук үрөндөрдүн болушу, ага болгон сунуш, аны сактоо, берүү, сатуу максатында жиберүү же жөнөтүү, ошондой эле аларды алмаштырууга макулдук берүү же акы катарында алуу. Пайдаланууга жол берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик реестри - расмий сыноолордон кийин Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилген сорттордун, гибриддердин тизмеги (мындан ары - Мамлекеттик реестр). Оригинатор - сортту түзгөн жана (же) анын сакталышын камсыз кылган селекционер же селекциялык мекеме (уюм). Өзгөчөлөнгөн үрөндөр - үрөнчүлүктөгү селекционер же мекеме - оригинатор тарабынан алынган ар бир айкын сорттун эң биринчи алынган үрөндөрү. Патент ээси - мыйзамда белгиленген тартипте белгилүү бир сортко патенти бар жеке же юридикалык жак (селекционер, сорттун автору, жумуш берүүчү, укук мураскери, мурасчы) же менчиктин ар кандай түрүндөгү субъекттер. Үрөндөрдүн топтому - үрөндөрдүн бир документ менен күбөлөндүрүлгөн белгилүү бир саны. Себилүүчү үрөндүн сапаты - үрөндөрдүн себүүгө жарактуулугун мүнөздөй турган касиеттеринин жыйындысы. Үрөндөрдү репродукциялоо - көбөйтүү процессинде сортту кеңири өндүрүү. Элиталык үрөндөрдү көбөйтүүнүн кийинки тизмектери. Үрөндөр - көбөйтүү жана өстүрүү үчүн арналган өсүмдүктүн жана алардын бир бөлүгүнүн себиле турган бөлүгү. Сорт - айрым бирдик катарында каралган жана айырмалуу, бир кылка жана туруктуу болгон өстүрүлүүчү өсүмдүктөрдүн ботаникалык биримдиги. Сорттук сапаттар - үрөндөрдүн сортунун тазалыгынын көрсөткүчтөрү. Сорттук үрөндөр - Мамлекеттик реестрге киргизилген жана тиешелүү ылайыктуулук сертификатын алган сорттордун жана гибриддердин үрөндөрү. Сертификатталган үрөндөр - түшүмдүүлүктүн бир кыйла жогорку көрсөткүчтөрүн камсыз кылуучу, үрөндүн кадимки сортторуна салыштырмалуу илдеттерге, зыянкечтерге жана климаттык өзгөрүүлөргө бир кыйла туруктуу болуп саналуучу жогорку сапаттагы үрөндөр. Элиталык үрөндөр - өзгөчөлөнгөн үрөндөрдү элиталык үрөн өстүрүүчү жана башка чарбаларда кийин көбөйтүүдөн алынган үрөндөр. Кыртыш контролу - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана үрөндөрдүн белгилүү бир сортуна тиешелүүлүгүн белгилөө жана үрөндөрдү атайын участокторго себүү жана кийин аларды текшерүү аркылуу өсүмдүктөрдүн сорттук тазалыгын аныктоо. Инспекция - сорттун тазалыгын же өсүмдүктөрдүн типтүүлүгүн, отоо чөп басышын, оорууга чалдыгышын аныктоо максатында үрөндөрдүн сорттук сапатын, ошондой эле пайдаланылып жаткан мөмө-жемиш сортторунун эзип-жанчуу жагынан дал келишин белгилөө, ошондой эле гибрид үрөндөрдү өстүргөн учурда технологиялык ченемдердин сакталышын контролдоо. Лицензиялык келишим - бул келишимге ылайык патент ээси (лицензиар) коргоого алынган сортту башка жакка (лицензиатка) берилүүчү укуктардын, мөөнөттөрдүн, сорт өстүрүлүүчү аймакты жана акы төлөөнүн тартибин келишимдеги шартталган көлөмдө пайдалануу укугун өткөрүп берет. Коргоого алынган сорт - селекциялык жетишкендиктердин патенти менен коргоого алынган жана Кыргыз Республикасынын коргоого алынган селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган сорт. Патент - "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өсүмдүктөрдүн сортторун, гибриддерин коргоого берилген документ. Үлгү алып туруучу - үрөндөрдү, көчөт материалын сертификациялоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын үрөндөрдүн сапатын контролдоо үчүн алардын топтомунан үлгү алып турууга укуктуу расмий өкүлү. Өсүмдүктөрдүн тизмеси - сорттук жана себүү сапаттарын күбөлөндүрүү үчүн милдеттүү болгон сорттук үрөндөрдүн өсүмдүктөрү. Үрөнчүлүк - өзүнө үрөн өндүрүү, даярдоо, иштетүү, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана пайдалануу боюнча иш чаралардын комплексин, ошондой эле мамлекеттик контролду, анын ичинде сорттук жана үрөндүк контроль жүргүзүүнү камтыган иш. Үрөнчүлүк чарба - менчигинин түрүнө карабастан бир же бир нече айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк же көчөт материалдарын өстүрүүчү жана (же) сатуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген үрөнчүлүк чарбалар жөнүндө жобого ылайык үрөнчүлүк чарбага коюлуучу талаптарга (критерийлерге) жооп берүүчү чарба жүргүзүүчү субъект. ИСТА - Үрөндөрдү тесттен өткөрүү боюнча эларалык ассоциация (ISТА). Ассоциацияга мүчө болуу жана лабораторияларды аккредитациялоо ыйгарым укуктуу органга үрөнгө ылайык келүүнүн эларалык сертификатын берүүгө укук берет. ОЕСД - Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ОЕСD). Ар кандай өсүмдүктөрдүн сорттуу үрөндөрүн өстүрүү ушул уюмдун схемаларына ылайык жүргүзүлөт. Үрөнчүлүк жагындагы объекттерге төмөнкүлөр кирет: сорт (клон, багыт, гибрид, тукум улоо, сорттордун аралашмасы); үрөндөр; үрөндүк жана үрөн чыгаруу, себүүлөр жана тигүүлөр. Үрөн өстүрүү жагындагы субъекттерге төмөнкүлөр кирет:
1) сорттун автору;
2) сорттун оригинатору;
3) үрөн өндүрүүчүлөр;
4) үрөнчүлүк чарба;
5) үрөндү пайдалануучулар, короо алдындагы, багбанчылык, дачадагы жана огороддогу жер участокторунда аларды сатып өткөрүү укугусуз пайдалануу үчүн үрөн өндүрүү менен алектенген жеке адамдарды кошпогондо;
6) үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттарын аныктоо, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана (же) юридикалык жактар;
7) үрөн жөнөтүүчүлөр - ушул Мыйзамга ылайык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн жөнөтүү жана сатуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер.
(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2016-жылдын 18-июлундагы № 120, 2023-жылдын 4-августундагы № 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2016 года № 120 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 января 2007 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 365 "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.08.2018 · № 365 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-мартындагы № 114 ""Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу"…Постановление · 09.03.2016 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 1 июля 2002 года №451 "О проекте Закона Кыргызской Республики «О внесении изменении в Закон Кыргызской Республики «О семенах»"Постановление · 01.07.2002 · № 451 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы №119 "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө"…Постановление · 02.03.2010 · № 119 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 августа 2001 года №441 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Постановление · 14.08.2001 · № 441 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндөЗакон · 13.06.1998 · № 79
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/538/st-1" title="1-берене - Үрөн жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>