Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Үрөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 4 ноября 2011 года № 702 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-04.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 2-марты №119 "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда айыл чарба министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Д.Үсөнов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ/ "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 6, 231-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3-берене.
Үрөн чөйрөсүндөгү башкаруунун мамлекеттик органдары Үрөн чөйрөсүндөгү башкаруунун мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат".
2. 4-беренеде:
- биринчи бөлүктүн бешинчи абзацындагы "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын" деген сөздөр "үрөн чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- биринчи бөлүктүн сегизинчи абзацындагы "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын тиешелүү ченемдик актысы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берүү үчүн талаа сыноолорунан өтүүчү өсүмдүктөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3. 5-берененин экинчи бөлүгүнүн "үрөндөрдү сактоо айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан кабыл алынган тиешелүү нормативдик актылардын негизинде жүзөгө ашырылат" деген сөздөр "үрөндү сактоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 6-берененин үчүнчү бөлүгүндө:
- бешинчи абзацтагы "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органына" деген сөздөр "үрөн чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жетинчи абзацтагы "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын жана анын тиешелүү ыйгарым укуктуу структураларынын кызматкерлерине" деген сөздөр "үрөн чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 9-беренеде:
- экинчи жана үчүнчү бөлүктөрдөгү "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын" деген сөздөр "үрөн чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүктөгү "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы" деген сөздөр "үрөн чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- алтынчы бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Сорттуу үрөндөрдүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
6. 10-беренеде:
- үчүнчү бөлүктөгү "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы" деген сөздөр "үрөнчүлүк чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган акылуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүктөгү "ыйгарым укуктуу" деген сөздөр алып салынсын;
- сегизинчи бөлүктөгү "айыл (токой) чарбасын башкаруу органына" деген сөздөр "үрөнчүлүк чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 11-берененин экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын" деген сөздөр "үрөнчүлүк чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 12-беренеде:
- экинчи бөлүктөгү "Айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы жана анын ыйгарым укуктуу түзүмдөрү", "коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча улуттук стандарттардын ченемдеринен чектөө менен" деген сөздөр "үрөнчүлүк чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган", "коопсуздуктун милдеттүү талаптарына ылайык келбеген" деген сөздөргө ылайыктуулугуна жараша алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Сорттуу үрөн өндүрүүчүлөр (же сатуучулар) тизмесинен чыгаруу жөнүндө маалымат үрөнчүлүк чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан керектөөчүлөргө массалык маалымат каражаттары аркылуу кабарланат.".
2-берене. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 19-мартындагы № 1740-IV "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 19.03.2010 · № 1740-IV · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2011 · № 702 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон