Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1138-статья. Керээзди аткаруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 61-Глава
1. Керээз калтыруучу керээзди аткарууну өзү керээзинде көрсөткөн, мураскор эмес адамга тапшыра алат. Бул адамдын керээзди аткаруучу болууга макулдук берүүсү ал тарабынан керээздин өзүндө анын колу менен жазган жазууда же керээзге тиркелген арызда билдирилүүгө тийиш.
Мураскорлор өз ара макулдашууга келүү менен керээзди аткарууну мураскорлордун бирине же башка адамга тапшырууга укуктуу болушат. Мындай макулдаштыкка жетишилбегенде керээзди аткаруучу бир же бир нече мураскорлордун талабы боюнча сот тарабынан дайындалышы мүмкүн. Керээзди аткаруучу керээз калтыруучу ага жүктөгөн милдеттерди аткаруудан, ал жөнүндө керээз боюнча мураскорлорго күн мурдатан кабарлоо менен баш тартууга укуктуу. Керээзди аткаруучу анын милдеттеринен, ошондой эле мураскорлордун арызына ылайык соттун чечими боюнча да бошотулушу мүмкүн.
2. Керээзди аткаруучу:
1) мурасты коргоону жана аны башкарууну жүзөгө ашырууга;
2) мурасты ачуу жөнүндө жана алардын пайдасына керээздик баш тартуулар жөнүндө бардык мураскорлорго жана баш тартуу алуучуларга кабарлоо үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө;
3) мурас калтыруучуга тийиштүү сумманы алууга;
4) мурас калтыруучунун эркине жана мыйзамга ылайык мураскорлорго аларга тийиштүү мүлктү берүүгө;
5) мураскорлордун аларга жүктөлгөн керээздик баш тартууларды аткаруусун камсыз кылууга;
6) керээздик жүктөлгөн милдеттерди аткарууга же керээз боюнча мураскорлордон керээздик жүктөлгөн милдеттерди аткарууну талап кылууга тийиш.
3. Керээзди аткаруучу мурасты башкарууга жана керээзди аткарууга байланышкан сот ишине жана башка иштерге киришүүгө укуктуу, ошондой эле мындай иштерге катышууга тартылышы мүмкүн.
4. Керээзди аткаруучу өз милдеттерин мурасты карыздардан бошотуу, мурас калтыруучуга тийиштүү суммаларды өндүрүү жана бардык мураскорлордун мурасты ээлөөсү үчүн зарыл болгон акыл-эске сыярлык мөөнөттүн ичинде жүзөгө ашырат. Кандай болсо да, көрсөтүлгөн мөөнөт мурас ачылган күндөн тартып бир жылдан ашуусу мүмкүн эмес.
5. Керээзди аткаруучу мурасты башкаруу жана керээзди аткаруу боюнча зарыл болгон чыгымдардын ордун мурастын эсебинен толтурууга укуктуу. Керээзде мурастын эсебинен керээзди аткаруучуга акы төлөө каралышы мүмкүн.
6. Керээз аткарылгандан кийин керээзди аткаруучу мураскорлорго алардын талабы боюнча отчет берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1138" title="1138-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>