1137-статья. Керээздин жараксыздыгы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 61-Глава
1. Тиешелүү түрдө түзүлбөгөн керээз жараксыз. Керээздин жараксыздыгы Кодекстин бүтүмдөрдүн жараксыздыгы жөнүндө эрежелерине да негизделет.
2. Керээз ушул Кодекс тарабынан белгиленген керээзди түзүүнүн, ага кол коюунун жана аны ырастоонун тартибин бузуунун айынан керээздин анык эмес деп табылышы мүлктүк натыйжалары бар адамдын доосу боюнча жараксыз деп табылышы мүмкүн.
3. Керээзде камтылган айрым тескемелердин жараксыздыгы керээздин калган бөлүгүнүн жараксыздыгына тиешеси болбойт.
4. Кийинки керээз сот тартибинде жараксыз деп табылганда, мурдагы керээз калыбына келтирилет.
5. Керээз жараксыз деп табылган учурда ал керээз боюнча мурастан айрылган мураскор жалпы негиздерде мурастоо укугун алат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1137-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1137" title="1137-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>