Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1152-статья. Мыйзам боюнча мурастоодо мурасты коргоо жана аны башкаруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 62-Глава
1. Мүлктүн бир бөлүгү керээз боюнча мурасталган учурда, мурас калтыруучу дайындаган керээз аткаруучу мыйзам боюнча мурастоо тартибинде өткөн мурастын бир бөлүгүн кошо, бардык мурасты коргоону жана аны башкарууну жүзөгө ашырат.
Ушул Кодекстин 1138-статьясына ылайык керээз боюнча мураскорлор же сот тарабынан дайындалган керээзди аткаруучу, эгерде мыйзам боюнча мураскорлор мыйзам боюнча мурастоо тартибинде өткөн мурастын бөлүгүнө карата көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мурас башкаруучуну талап кылышпаса, жалпысынан бардык мүлктү коргоо жана аларды башкаруу милдеттерин жүзөгө ашырат.
2. Мурасты башкаруучу мыйзам боюнча мураскорлордун биринин же бир нечесинин өтүнүчү боюнча мурас ачылган жерде натариус тарабынан дайындалат. Мурасты башкаруучуну дайындоо же аны шайлоо менен макул болбогон мыйзам боюнча мураскор, мурасты башкаруучуну дайындоону сотто талашууга укуктуу.
3. Эгерде мыйзам боюнча мураскорлор жок болсо же белгисиз болсо жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органы же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мурасты башкаруучуну дайындоо өтүнүчү менен нотариуска кайрылууга тийиш. Мыйзам боюнча мураскорлор келген учурда мурасты башкаруучу, ага зарыл чыгымдарды кайтарып берүү жана мурастын эсебинен акыл-эске сыярлык акы төлөө менен кайра чакырылып алынышы мүмкүн.
4. Мурасты башкаруучу мыйзам боюнча мурастоонун өзгөчөлүктөрүнөн башкача келип чыкпагандыктан улам, керээзди аткаруучуга карата ушул Кодекстин 1138-статьясында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Мүлктү башкаруучу мурастын эсебинен мурасты коргоо жана аны башкаруу боюнча зарыл болгон чыгымдардын ордун толтуруп алууга, ал эми мураскорлор менен анын макулдашуусунда башкача каралбаса аны алууга укуктуу болот.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1152" title="1152-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>