Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1132-статья. Нотариалдык ырсталган керээз
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 61-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июня 2017 года № 100
1. Нотариалдык ырасталган керээз калтыруучу тарабынан же болбосо нотариус тарабынан анын сөздөрүнөн жазылууга тийиш. Керээз калтыруучунун сөздөрүнөн керээзди нотариус тарабынан жазууда жалпы кабыл алынган техникалык каражаттар (бастыруучу машинка, жеке компьютер ж.б.) пайдаланылышы мүмкүн.
2. Керээз калтыруучунун сөздөрүнөн нотариус тарабынан жазылган керээз ага кол коюлганга чейин нотариустун катышуусу менен керээз калтыруучуга толук окулуп берилүүгө тийиш.
Эгерде керээз калтыруучу дене-боюнча кемчилдигинин, оорусунун же сабатсыздыгынын айынан керээзди өзү окуй албаса, анын тексти керээз калтыруучу үчүн нотариус тарабынан окулуп берилип, ал жөнүндө керээзге керээз калтыруучу өзү окуй албаган себептерди көрсөтүү менен тиешелүү жазуу жазылат.
3. Керээз калтыруучунун каалоосу боюнча керээз анын мазмуну менен таанышуусуз нотариус тарабынан ырасталат (жашыруун керээз).
Анын жараксыз болуп калуу коркунучу алдында болгон жашыруун керээз анын ээсинин өз колу менен жазылууга жана өзүнүн колу коюлууга тийиш. Керээз эки күбөнүн жана нотариустун катышуусу менен ага алар фамилиясы, аты, атасынын аты жана туруктуу жашаган жери көрсөтүлгөн конвертке чапталууга тийиш. Күбөлөр тарабынан кол коюлган конверт күбөлөрдүн жана нотариустун катышуусу менен ага нотариус ырастама жаза турган башка конвертке чапталат. Керээз калтыруучу өлгөндөн кийин жашыруун керээз ачылат жана нотариус тарабынан мурасчыларга окулуп берилет. Эгерде адам дене бойлук кемчилдигинен улам жашыруун керээзди өзү түзүүгө жана кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, мындай керээз кадимки техникалык каражаттарды (персоналдык компьютерди ж.б.) пайдалануу менен түзүлүшү, кагазга басылып чыгарылышы жана аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган факсимилдик колтамганын жардамы менен кол коюлушу мүмкүн. Мында факсимилдик колтамганын жана жашыруун керээзди өзү түзүүгө жана өзү кол коюуга мүмкүн болбогон себептердин аныктыгын ырастоочу документтер керээзге тиркелүүгө тийиш. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"Редакцияларды салыштыруу
08.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…керээз ачылат жана нотариус тарабынан мурасчыларга окулуп берилет. кошулду: Эгерде адам дене бойлук кемчилдигинен улам жашыруун керээзди өзү түзүүгө жана кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, мындай керээз кадимки техникалык каражаттарды (персоналдык компьютерди ж.б.) пайдалануу менен түзүлүшү, кагазга басылып чыгарылышы жана аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган факсимилдик колтамганын жардамы менен кол коюлушу мүмкүн. Мында факсимилдик колтамганын жана жашыруун керээзди өзү түзүүгө жана өзү кол коюуга мүмкүн болбогон себептердин аныктыгын ырастоочу документтер керээзге тиркелүүгө тийиш. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1132" title="1132-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>