1131-статья. Керээздин түрү жөнүндө жалпы эрежелер
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 61-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июня 2017 года № 100
1. Керээз кат жүзүндө аны түзүүнүн ордун жана убактысын көрсөтүү менен түзүлүүгө, керээз калтыруучунун жеке өзүнүн колу коюлууга жана нотариатта күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
2. Эгерде керээз калтыруучу дене-боюнун кемчилдигинин, оорусунун же сабатсыздыгынын айынан керээзге өз колу менен кол кое албаса, керээзге анын өтүнүчү боюнча мыйзамга ылайык керээзди ырастоочу нотариустун же башка адамдын катышуусу менен башка бирөө тарабынан керээз калтыруучу алардын айынан өз колу менен кол кое албаган себептерди көрсөтүү менен кол коюлушу мүмкүн.
Дене бойлук кемчилдигинен улам керээзге өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам нотариустун же керээзди ырастоого укуктуу башка адамдын катышуусунда факсимилдик колтамганын жардамы менен керээзге кол коюуга укуктуу. Мында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам тарабынан пайдаланылган факсимилдик колтамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариаттык ырасталууга тийиш, ал эми керээзде болсо факсимилдик колтамга колдонулгандыгынын жагдайлары жөнүндө белги коюлуусу керек.
3. Керээз калтыруучунун ордуна керээзге:
1) нотариус же керээзди ырастаган башка адам;
2) анын пайдасына керээз түзүлгөн же керээздик баш тартуу жасалган адам, андай адамдын күйөө-аялдары, балдары, ата-энелери, неберелери жана чөбөрөлөрү, ошондой эле керээз калтыруучунун мыйзам боюнча мурастоочулары;
3) толук жөндөмдүүлүккө ээ болбогон граждандар;
4) керээзди окууга жөндөмү жок сабатсыз жана башка адамдар, мурда жалган күбө болгондук үчүн соттолгондор кол кое албайт.
(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1131-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"Редакцияларды салыштыруу
08.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен кол кое албаган себептерди көрсөтүү менен кол коюлушу мүмкүн. кошулду: Дене бойлук кемчилдигинен улам керээзге өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам нотариустун же керээзди ырастоого укуктуу башка адамдын катышуусунда факсимилдик колтамганын жардамы менен керээзге кол коюуга укуктуу. Мында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам тарабынан пайдаланылган факсимилдик колтамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариаттык ырасталууга тийиш, ал эми керээзде болсо факсимилдик колтамга колдонулгандыгынын жагдайлары жөнүндө белги коюлуусу керек. 3. Керээз калтыруучунун ордуна керээзге: 1) нотариус же керээзди … мурда жалган күбө болгондук үчүн соттолгондор кол кое албайт. кошулду: (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1131" title="1131-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>