Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1133-статья. Нотариустук ырастамага теңештирилген керээздер
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 61-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июня 2017 года № 100
1. Нотариалдык ырасталган күбөлөргө:
1) ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жаткан же улгайган граждандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык станционардык мекемелерде жашаган граждандардын бул ооруканалардын, госпиталдардын жана башка дарылоо мекемелеринин башкы врачтары, алардын медициналык бөлүк боюнча орун басарлары же кезметчи врачтары, ошондой эле госпиталдардын начальниктери, улгайган граждандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык станционардык мекемелердин директорлору же башкы врачтары тарабынан ырасталган керээздери;
2) чалгындоо же башка ага окшогон экспедицияларда жүргөн граждандардын ошол экспедициялардын начальниктери тарабынан ырасталган керээздери;
3) аскер кызматчыларынын керээздери, ал эми аскер бөлүктөрү жайгашкан нотариус жок пункттарда ал бөлүктөрдө иштеген граждандык адамдардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн командири тарабынан ырасталган керээздери;
4) эркинен ажыратуу жайларында жүргөн же камакта отурган адамдардын тиешелүү мекемелердин начальниктери тарабынан ырасталган керээздери;
5) нотариус жок калктуу пункттарда жашаган адамдардын мыйзамга ылайык нотариустук аракеттерди жасоого укугу бар кызмат адамдары тарабынан ырасталган керээздери.
2. Ушул статьянын 1-пунктуна таандык кылынган керээздерге керээзге кол кое турган күбөнүн катышуусу менен керээз калтыруучунун колу коюлат.
Керээзди нотариатта күбөлөндүрүү жөнүндө талап болгондон башка учурларда, мындай керээздерге карата тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 1132-статьясынын эрежелери колдонулат. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"Редакцияларды салыштыруу
08.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жаткан же алынып салынды: улгайгандар кошулду: улгайган граждандар жана алынып салынды: майыптар кошулду: ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн алынып салынды: үйлөрдө кошулду: социалдык станционардык мекемелерде жашаган граждандардын алынып салынды: ал кошулду: бул ооруканалардын, госпиталдардын жана башка дарылоо мекемелеринин башкы алынып салынды: врачтары тарабынан, кошулду: врачтары, алардын медициналык бөлүк боюнча орун басарлары же алынып салынды: дежур кошулду: кезметчи врачтары, алынып салынды: улгайгандар кошулду: ошондой эле госпиталдардын начальниктери, улгайган граждандар жана алынып салынды: майыптар кошулду: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн алынып салынды: үйлөрдүн кошулду: социалдык станционардык мекемелердин директорлору же башкы врачтары тарабынан ырасталган керээздери;
2) … тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 1132-статьясынын эрежелери колдонулат.
кошулду: (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1133" title="1133-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>