Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Шаардык жана айылдык конуштарды пландоого жана курууга
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар
Шаардык жана айылдык конуштарды пландаштырууда жана курууда шаар-
дык жана айылдык конуштарды комплекстүү ыњгайлаштыруу жана жашоо
чөйрөсүнүн адамга зыяндуу таасирлеринин алдын алуу жана аларды жоюу бо-
юнча башка чараларды ишке ашыруу жолу менен калктын өмүрү жана саламат-
тыгы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү каралууга тийиш.
Долбоорлоонун ченемдерин, аймактарды өнүктүрүүнүн шаардык курулу-
шунун схемаларын, шаардык жана айылдык конуштардын башкы пландарын, ко-
омдук борборлордун, турак-жай райондорун, шаарлардын чоњ жолдорун план-
дандаштыруунун долбоорлорун иштеп чыгууда, жарандык, өнөр жайлык жана
айыл чарба багытындагы объекттерди жайгаштыруу маселелерин жана алардын
санитардык коргоочу зоналарын белгилөө, курулуш үчүн жер участокторун
тандоо маселелерин чечүүдө, ошондой эле өнөр жай, транспорт объектте-
рин, маданий-тиричиликтик багыттагы имараттарды жана курулуштарды, ту-
рак-жай үйлөрүн, инженердик инфраструктуранын объекттерин жана башка
объекттерди (мындан ары объекттер) долбоорлоодо, курууда, кайра конс-
трукциялоодо, техникалык жактан кайра жабдууда, кенейтүүдө, консерваци-
ялоодо жана жоюуда санитардык эрежелер сакталууга тийиш.
Шаардык жана айылдык конуштарды пландаштыруу жана курулуштарды
жайгаштыруу, куруу, кайра конструкциялоо, техникалык кайра жабдуу,
кењейтүү, объекттерди консервациялоо жана жоюу, курулуш үчүн жер учас-
токторун берүү, ошондой эле курулган жана кайра конструкцияланган объ-
екттерди кайра эксплуатациялоого киргизүү жөнүндө долбоорлоонун ченем-
дерин жана долбоорлук документтерин бекитүүгө, мындай объекттердин са-
нитардык эрежелерге ылайыктуулугу жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык
корутундулар болгондо жол берилет.
Объекттерди долбоорлоо жана куруу, аларды каржылоо жана (же) кре-
диттөө боюнча иштерди аткаруу үчүн жооптуу жарандар, жеке жана юридика-
лык жактар санитардык эрежелер бузулган же аларды аткаруу мүмкүн болбо-
гон учурда көрсөтүлгөн иштерди жана аларды каржылоону жана (же) кре-
диттөөнү токтото турууга же толук токтотууга милдеттүү.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Санитарно-эпидемиологические правила и нормативы "Гигиенические требования к обеспечению качества атмосферного воздуха населенных мест" (Утверждены постановлением Главного…Правила · 29.10.2003 · № 45 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-9" title="9-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>