Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-статья. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
камсыздоо жагындагы жеке жана юридикалык жактардын
укуктары менен милдеттери
Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийлик
органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кызматынын орган-
дарынан жана мекемелеринен санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо
чөйрөсүнүн абалы, санитардык эрежелер жөнүндө маалымат алууга;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча
иш-чараларды иштеп чыгууга катышууга;
- жарандардын, башка жеке жана юридикалык жактардын санитардык
мыйзамдарды бузуусунун натыйжасында, ошондой эле санитардык-эпидемияга
каршы (профилактикалык) иш-чараларды жүзөгө ашырууда өздөрүнүн мүлкүнө
келтирилген зыяндын ордун толук көлөмдө Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарында белгиленген тартипте толтуруп алууга укуктуу болушат.
Жеке жана юридикалык жактар өздөрү жүзөгө ашырган ишке ылайык:
- санитардык мыйзамдардын, ошондой эле мамлекеттик санитардык-эпи-
демиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырган кызмат адамдарынын токтомдору-
нун, көрсөтмөлөрүнүн жана санитардык-эпидемиологиялык корутундуларынын
талаптарын аткарууга;
- санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды иштеп
чыгууга жана жүргүзүүгө;
- аткарылып жаткан иштердин жана көрсөтүлгөн кызматтардын, ошондой
эле өндүрүштүк-техникалык багыттагы продукцияларды, жекече жана тиричи-
ликтик муктаждыктары үчүн тамак-аш азыктарын жана товарларды өндүрүүдө,
ташууда, сактоодо, калкка сатууда алардын адамдын саламаттыгы үчүн ко-
опсуздугун камсыз кылууга;
- жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууда, ошондой эле про-
дукцияны өндүрүүдө, ташууда, сактоодо жана сатууда санитардык эрежелер-
дин сакталышына жана санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык)
иш-чараларды өткөрүүдө өндүрүштүк контролду, анын ичинде лабораториялык
изилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырууга;
- продукциялардын жањы түрлөрүнүн жана аны өндүрүүнүн технология-
сынын адам үчүн коопсуздугун негиздөө боюнча, жашоо чөйрөсүнүн коопсуз-
дугунун жана (же) факторлорунун зыянсыздыгынын чен өлчөмдөрү боюнча иш-
терди жүргүзүүгө жана жашоо чөйрөсүнүн факторлоруна контролдук
жүргүзүүнүн усулдарын иштеп чыгууга;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигине коркунуч түзгөн
кыйроочу кырдаалдар, өндүрүштөгү токтотуулар, технологиялык процесстер-
дин бузулуулары жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкына, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
кызматтын органдарына жана мекемелерине өз убагында кабарлоого;
- колунда расмий чыгарылган санитардык эрежелери, жашоо чөйрөсүнүн
факторлоруна контролдук жүргүзүүнүн усулдары жана усулдарынын жолдору
болууга;
- кызматкерлерди гигиеналык жактан окутууну жүзөгө ашырууга укук-
туу болушат.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-8" title="8-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>