13-статья. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
продукцияларга карата санитардык-эпидемиологиялык
талаптар
Кыргыз Республикасынын аймагына жарандар, жеке жана юридикалык
жактар алып келген продукция адамга жана жашоо чөйрөсүнө зыяндуу таасир
тийгизбөөгө тийиш.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн продукцияны республи-
канын аймагына ташып келүүгө, анын санитардык эрежелерге ылайыктуулугу
жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду болгондо гана жол бери-
лет. Республиканын аймагына биринчи жолу ташылып келинүүчү жана тизме-
син Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен продукциянын айрым түрлөрү,
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келингенге чейин ушул Мыйзамдын
39-статьясына ылайык мамлекеттик каттоого алынат.
Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинүүчү продукцияга кара-
та санитардык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы жөнүндөгү милдеттен-
мелер, продукциянын ар бир бөлүгүн жөнөтүүдө санитардык эрежелердин
сакталышынын кепилдиктери, мындай продукцияны жөнөтүүнүн келишимдеринин
(контракттарынын) маанилүү шарты болуп саналат.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-13" title="13-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>