39-статья. Заттарды жана продукцияларды мамлекеттик каттоо
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
Төмөндөгүлөр:
- адам үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн болгон, өндүрүшкө биринчи
жолу киргизилип жаткан жана мурда пайдаланылбаган химиялык, биологиялык
заттар жана алардын негизинде даярдалган препараттар (мындан ары - зат-
тар);
- адам үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн болгон продукциялардын айрым
түрлөрү;
- Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи жолу алынып келинген
продукциялардын айрым түрлөрү, анын ичинде тамак-аш азыктары мамлекет-
тик каттоого алынат.
Ушул статьянын биринчи абзацында көрсөтүлгөн заттарды жана продук-
циялардын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо:
- заттардын жана продукциянын айрым түрлөрүнүн адам жана жашоо
чөйрөсү үчүн коркунучтуулугун баалоонун;
- жашоо чөйрөсүндөгү заттарды, продукциянын айрым түрлөрүн
күтүүнүн гигиеналык жана башка ченемдиктерин белгилөөнүн;
- коргоо чараларын, анын ичинде адамга жана жашоо чөйрөсүнө зыян-
дуу таасирин болтурбай коюу боюнча заттарды жана продукциянын айрым
түрлөрүн утилдештирүүнүн жана жок кылуунун шарттарын иштеп чыгуунун не-
гизинде жүргүзүлөт.
Заттардын жана продукциянын айрым түрлөрүнүн адам жана жашоо
чөйрөсү үчүн коркунучтуулугун баалоо, жашоо чөйрөсүндө заттарды жана
продукциянын айрым компоненттерин күтүүнүн гигиеналык жана башка ченем-
диктерин белгилөө, коргоо чараларын иштеп чыгуу белгиленген тартипте
аккредитацияланган уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн заттарды жана продук-
циянын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо буга ыйгарым укук берилген
мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы тарабынан Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү бекиткен тартипте жүргүзүлөт.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 "Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын…Постановление · 03.07.2013 · № 396 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-39" title="39-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>