12-статья. Тамак-аш азыктарына, тамак-аш татымалдарына, чийки азык
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
заттарына, ошондой эле аларга аралаш материалдарга
жана буюмдарга жана аларды өндүрүүнүн технологияларына
карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар
Азык-түлүктөр адамдын физиологиялык керектөөлөрүн канааттандырууга
жана ага зыяндуу таасир көрсөтпөөгө тийиш.
Азык-түлүктөр, азык-түлүк татымалдары, чийки азык заттар, ошондой
эле аларга аралаш материалдар жана буюмдар аларды өндүрүүдө, сактоодо,
ташууда жана калкка сатууда санитардык эрежелерге ылайык болууга тийиш.
Азык-түлүктөрдү өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан
белгиленген тартипте уруксат берилген аларга аралаш материалдар жана
буюмдар, тамак-аш татымалдары пайдаланылышы мүмкүн.
Азык-түлүктөрдүн, азык-түлүк тамак-аш татымалдарынын, чийки азык
заттарынын жањы түрлөрүн, ошондой эле аларга аралаш материалдарды жана
буюмдарды өндүрүүгө, колдонууга (пайдаланууга) жана калкка сатууга,
аларды өндүрүүнүн жањы технологиялык процесстерин жана технологиялык
жабдууларын киргизүүгө, алардын санитардык эрежелерге ылайыктуулугу
жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутундулары болгондо жол берилет.
Тамак-аш азыктарын, тамак-аш татымалдарын, чийки азык заттарын,
ошондой эле аларга аралаш материалдарды жана буюмдарды өндүрүүнү, сатып
алууну, сактоону, ташууну, сатууну жүзөгө ашырган жарандар, жеке жана
юридикалык жактар санитардык эрежелерди аткарууга тийиш.
Санитардык эрежелерге ылайык келбеген жана адам үчүн коркунуч туу-
дурган тамак-аш продуктулары, тамак-аш татымалдары, чийки азык заттары,
ошондой эле аларга аралаш материалдар жана буюмдар өндүрүштөн же сатуу-
дан дароо алынат жана адамга зыян келтирбеген максаттарда гана пайдала-
нылат же жок кылынат.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-12" title="12-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>