Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-июлу ПУ № 372
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде
окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө
Жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын толук кандуу билим
алуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана аларга кошумча социалдык колдоо-
ну камсыз кылуу максаттарында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзал-
дынча башкаруу органдары менен бирдикте бардык мамлекеттик жана муници-
палдык жалпы билим берүү мектептеринде 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып
1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу боюнча маселени чеч-
син;
- бир айлык мөөнөттө шаардык жана муниципалдык мектептердин окуу-
чуларынын тамактануусун уюштуруу боюнча Жобону иштеп чыксын жана бекит-
син;
- эки айлык мөөнөттө республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ка-
ражаттарынын эсебинен окуучулардын тамактануусун финансылоону, ошондой
эле окуучулардын тамактануусун натыйжалуу уюштуруу боюнча башка маселе-
лерди караган "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде
окуучуларды тамактандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү тууралу" Мыйзамдын
долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
киргизсин;
2. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары 2006-жылдын 1-сентябрынан
тартып аталган шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринин эсебинен жалпы би-
лим берүү мектептерде 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун камсыз
кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өзалдынча башка-
руу органдары 2007-жылдан тартып республикалык бюджетти жана Бишкек жа-
на Ош шаарларынын бюджеттерин иштеп чыгууда бардык мамлекеттик жана му-
ниципалдык жалпы билим берүү мектептерде 1-4-класстын окуучуларынын та-
мактануусун уюштуруу үчүн керектүү финансылык каражаттарды карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Положение · 18.09.2006 · № 673
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы №626 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2006-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жыйынтыктары…Постановление · 28.08.2006 · № 626
- Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө Жобо (Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 129 токтому менен бекитилген)Положение · 20.05.2015 · № 129
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2006 · № 673
- Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 10-июнундагы № 460 "Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө"…Постановление · 10.06.2008 · № 460
- Положение об организации питания учащихся в общеобразовательных школах города Бишкек (утверждено постановлением Бишкекского городского кенеша от 10 июня 2008 года №460)Положение · 10.06.2008 · № 460
- 2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча УЛУТТУК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369…План · 20.08.2007
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 4-августундагы №140 "Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча 2010-жылы берилүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын бириктирилген үчүнчү…Постановление · 29.07.2010 · № 140
- "2007-2010-жылдары Кыргыз Республикасында гендердик теңдештикке жетишүү боюнча УЛУТТУК ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ" (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 20-августундагы № 369…План · 20.08.2007 · № 369 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- Об организации питания учащихся в общеобразовательных школах Кыргызской РеспубликиЗакон · 27.06.2002 · № 111 · Күчүн жоготкон