19-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын арасындагы дене тарбия жана спорт
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2024 года № 135
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын арасындагы дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү алардын кыймылдоо активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган жана аларды ар тараптан реабилитациялоонун жана социалдык жактан адаптациялоонун бирден бир жана аныктоочу шарты болуп саналат. Өнүгүшү жагынан кемчили бар, сабак өтүүнүн билим берүү программасына киргизилген окуучулар менен өтүлүүчү сабактар зарыл болгон атайын медициналык топторду түзүү менен сунуш кылынган жекече реабилитациялоо программасынын чегинде жүргүзүлөт. Майыптарды (дене тарбия жагынан өнүгүшү өксүгөн балдарды кошкондо) реабилитациялоо системасында дене тарбиясы жана спорт менен машыгууну уюштуруу, адистерди кесиптик даярдоо, методикалык жана медициналык камсыз кылуу жана врачтык контроль билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жактан коргоо мекемелери жана дене тарбия жана спорт уюмдары тарабынан ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен биргелешип ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашаган жери боюнча, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын адистештирилген мекемелеринде жана уюмдарында спорттук-ден соолукту чыңдоо ишинин программаларын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат. Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды камсыз кылат. Дене тарбия-спорт уюмдарына, эгерде дене тарбия жана спорт менен алектенүүлөрүнө медициналык чектөөлөр жок болсо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга спорттук инфратүзүмгө жетүү мүмкүнчүлүгүнөн жана дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
Дене тарбия-спорт уюмдары менчигинин түрүнө карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бештен кем эмес адамга спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. (КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90, 2024-жылдын 22-июлундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2024 года № 135 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 14 апреля 2023 года № 90 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 апреля 2016 года № 50 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 ноября 2011 года № 219 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О физической культуре и спорте" "Редакцияларды салыштыруу
22.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды камсыз кылат.
кошулду: Дене тарбия-спорт уюмдарына, эгерде дене тарбия жана спорт менен алектенүүлөрүнө медициналык чектөөлөр жок болсо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга спорттук инфратүзүмгө жетүү мүмкүнчүлүгүнөн жана дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
Дене тарбия-спорт уюмдары менчигинин түрүнө карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бештен кем эмес адамга спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № алынып салынды: 90 кошулду: 90, 2024-жылдын 22-июлундагы № 135 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-январындагы № 3766-V "Кыргыз Республикасындагы паралимпиадалык спорттун абалы жана көйгөйлөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.01.2014 · № 3766-V
- "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер…Заключение · 23.04.2024 · № 185-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/441/st-19" title="19-статья - Дене тарбия жана спорт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>