Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 18-ноябры № 219
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статьянын үчүнчү абзацындагы "дене боюндагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 5-статьянын бешинчи абзацындагы "дене тарбия жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды (майыптарды)" деген сөздөр "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 19-статьяда:
аталышында жана 1-бөлүктө "Дене тарбия жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (майыптардын)" деген сөздөр "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын. статья төмөндөгүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын: "Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте дене тарбиясы жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды камсыз кылат.".
4. 36-статьянын 3-бөлүгүндө "Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын дене тарбиясы жана спорт менен машыгуусу үчүн шарттарды белгилеген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
Шилтеме берет (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36