Кыргыз Республикасынын «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 22-июлу № 135
"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын:
"Дене тарбия-спорт уюмдарына, эгерде дене тарбия жана спорт менен алектенүүлөрүнө медициналык чектөөлөр жок болсо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга спорттук инфратүзүмгө жетүү мүмкүнчүлүгүнөн жана дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга тыюу салынат. Дене тарбия-спорт уюмдары менчигинин түрүнө карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бештен кем эмес адамга спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.";
2) 35-статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толукталсын:
"Дене тарбия-спорт боюнча жаңы инфратүзүмдү (спорт залдарын, сүзүүчү бассейндерди, спорттук комплекстерди) курууда жана колдонуудагысын реконструкциялоодо алардын ээлери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ага кирүүсүнө шарттарды түзүүгө милдеттүү.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2024-жылдын 26-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
Шилтеме берет (1)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36