1-статья. Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63
1. Кыйроодон куткаруучу кызмат - бул, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга арналган, функциялык жактан бир тутумга бириктирилген башкаруу органдарынын, күчтөрдүн жана каражаттардын биримдиги, анын негизин кыйроодон куткаруучу кошуундар түзөт.
2. Кыйроодон куткаруучу кошуун - бул, өз алдынча кыйроодон куткаруучу кызматтын курамына кирген, кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүгө арналган түзүм, анын негизин атайын техника, жабдуулар, шаймандар, аспаптар жана материалдар менен жабдылган аттестацияланган куткаруучу бөлүктөр түзөт.
3. Куткаруучу - бул, кыйроодон куткаруучу иштерди жүргүзүүгө даярдыктан өткөн жана аттестацияланган жаран.
4. Кыйроодон куткаруучу иштер - бул, өзгөчө кырдаалдардын аймагындагы адамдарды, материалдык жана маданий баалуулуктарды сактоо, табигый чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалды жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга мүнөздүү опурталдуу факторлордун таасирин жоюу же мүмкүн болгон минималдуу деңгээлге чейин азайтуу боюнча иш-аракеттер. Кыйроодон куткаруучу жумуштар ал жумуштарды аткаруучу адамдардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч келтирүүчү факторлордун болгондугу менен мүнөздөлөт жана атайын даярдыкты, экипировканы жана жабдууну талап кылат.
5. Өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы кечиктирилгис иштер - бул, кыйроодон куткаруучу иштерди ар тараптуу камсыздоо, өзгөчө кырдаалдан жабыркаган калкка медициналык жана башка жардамдарды көрсөтүү, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, алардын ишке жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн минималдуу зарыл шарттарды түзүү боюнча иштер.
6. Куткаруучулардын статусу - бул, куткаруучулар үчүн аныкталган жана мамлекет кепилдигин алган укуктар менен милдеттердин жыйындысы. Куткаруучулардын статусунун өзгөчөлүгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу иштерине катышуу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттер жана ушуга байланыштуу алардын өмүрүнө жана ден соолугуна болгон коркунуч менен аныкталат.
7. Кыйроодон куткаруучу каражаттар - бул, кыйроодон куткаруучулук иштерди жүргүзүүгө арналган техникалык, илимий-техникалык жана интеллектуалдык продукция, анын ичинде байланыштын жана башкаруунун атайын каражаттары, техника, жабдуулар, шаймандар, мүлктөр жана материалдар, кыйроодон куткаруучу иштердин технологиясы боюнча методикалык, видео -, кино, фотоматериалдар жана башка каражаттар.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 63 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об аварийно-спасательных службах и статусе спасателей"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…боюнча иштер.
6. Куткаруучулардын статусу - бул, куткаруучулар үчүн алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган жана мамлекет кепилдигин алган укуктар менен милдеттердин … методикалык, видео -, кино, фотоматериалдар жана башка каражаттар.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-мартындагы № 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 17.03.2023 · № 63
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 651 "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 03.12.2019 · № 651 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-январындагы № 3 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо…Постановление · 10.01.2015 · № 3 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы №387 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз…Постановление · 14.07.2011 · № 387 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/440/st-1" title="1-статья - Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>