Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 10-январы № 3 “Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзамдын долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене “Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2000-жылдын 2-февралы, № 11-12) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “сактоо, сактоочу” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “куткаруу, куткаруучу” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын расмий тилдеги текстинин 15-статьясынын 1-бөлүгү “оплачиваемых отпусков” деген сөздөрдөн кийин“, бесплатное медицинское обеспечение” деген сөздөр менен толукталсын.
3. 25-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“3. Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге катышкан куткаруучулар медициналык мекемелердин жана реабилитациялык борборлордун базасында медициналык жана психологиялык реабилитацияланууга укуктуу.”.
4. Мыйзамдын расмий тилдеги текстинин 28-статьясынын 6-бөлүгүндөгү “7” деген цифра “15” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (4)
- Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 35
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 04.07.2015 · № 147
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 4943-V «Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 02.04.2015 · № 4943-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-майындагы № 5065-V ""Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 06.05.2015 · № 5065-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 5169-V "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 04.06.2015 · № 5169-V
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон