Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 4 ноября 2011 года № 702 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-04.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 14-июлу №387 "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезитинин 2009-жылдын 2-февралындагы № 11-12 саны) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 7-берене төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Коомдук кыйроодон сактоо кошуундары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, жергиликтүү калктын ичинен ыктыярдуу негизде, Жарандык коргонуу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык органдарына макулдашуу боюнча түзүлөт".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезитинин 2009-жылдын 13-февралындагы № 11 саны) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 32-берененин 2-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ал "Коомдук кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн коомдук кыйроодон сактоо кошуундарында турат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | Кыргыз Республикасынын мыйзамынын сунуш кылынган редакциясы |
|---|---|
| "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезитинин 2009-жылдын 2-февралындагы № 11-12 саны) | |
| 7-статья. Кыйроодон сактоо кызматтарын түзүү 1. Кыйроодон сактоо кызматтары, кыйроодон сактоо кошуундары мындайча түзүлүшү мүмкүн: - туруктуу штаттык негизде - кыйроодон сактоочу профессионал кызматтар, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундар; - штаттан тышкаркы негизде - кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы кошуундар; - коомдук башталышта - кыйроодон сактоочу коомдук кошуундар. 2. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтар, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундар төмөнкүчө түзүлөт: - аткаруу бийлигинин органдарында - Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин, ведомстволорунун жана мекемелеринин аткаруу бийлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген борбордук органы жана аткаруу бийлигинин кызыкдар башка органдары менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт; Кыргыз Республикасынын областтарында жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт; - ишмердиктин бир же бир нече түрүн жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларды жүргүзүүдө мекемелерде өзүнүн кыйроодон сактоо кызматтары, кыйроодон сактоо кошуундары милдеттүү түрдө болушу каралган мекемелерде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо боюнча маселелерди чечүүгө атайын укук берилген башкаруу органына макулдашуу менен мекеменин жетекчилиги тарабынан түзүлөт; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында -эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка жолдору каралбаса, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын чечими боюнча түзүлөт. 3. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же анын уюштуруу документтеринде каралса, кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы кошуундары милдеттүү түрдө мекемелердин өз кызматкерлеринен түзүлөт. | 7-статья. Кыйроодон сактоо кызматтарын түзүү 1. Кыйроодон сактоо кызматтары, кыйроодон сактоо кошуундары мындайча түзүлүшү мүмкүн: - туруктуу штаттык негизде - кыйроодон сактоочу профессионал кызматтар, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундар; - штаттан тышкаркы негизде - кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы кошуундар; - коомдук башталышта - кыйроодон сактоочу коомдук кошуундар. 2. Кыйроодон сактоочу профессионал кызматтар, кыйроодон сактоочу профессионал кошуундар төмөнкүчө түзүлөт: - аткаруу бийлигинин органдарында - Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин, ведомстволорунун жана мекемелеринин аткаруу бийлигинин калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо жагындагы маселелерди чечүүгө атайын укук берилген борбордук органы жана аткаруу бийлигинин кызыкдар башка органдары менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт; Кыргыз Республикасынын областтарында жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт; - ишмердиктин бир же бир нече түрүн жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларды жүргүзүүдө мекемелерде өзүнүн кыйроодон сактоо кызматтары, кыйроодон сактоо кошуундары милдеттүү түрдө болушу каралган мекемелерде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан сактоо боюнча маселелерди чечүүгө атайын укук берилген башкаруу органына макулдашуу менен мекеменин жетекчилиги тарабынан түзүлөт; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында -эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка жолдору каралбаса, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдарынын чечими боюнча түзүлөт. 3. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же анын уюштуруу документтеринде каралса, кыйроодон сактоочу штаттан тышкаркы кошуундары милдеттүү түрдө мекемелердин өз кызматкерлеринен түзүлөт. 4. КООМДУК КЫЙРООДОН САКТОО КОШУУНДАРЫ ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАР ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ ТАРАБЫНАН, ЖЕРГИЛИКТҮҮ КАЛКТЫН ИЧИНЕН ЫКТЫЯРДУУ НЕГИЗДЕ, ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ЖАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН АЙМАКТЫК ОРГАНДАРЫНА МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА ТҮЗҮЛӨТ. |
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонуудагы редакциясы | Кыргыз Республикасынын мыйзамынын сунуш кылынган редакциясы |
|---|---|
| "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезитинин 2009-жылдын 13-февралындагы № 11 саны) | |
| 32-берене. Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу 1. Альтернативдик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын курагын, диний көз караштарын, үй-бүлөлүк абалын, соттолгондугунун бар болушун же ден-соолугун эске алып, мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү. 2. Он сегиз жаштан жыйырма жети жашка чейинки курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскердик кызматты же чакыруу мобилизациялык резервде кызмат өтөбөгөн эркек жаран: төмөнкүлөр альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш, эгерде ал: - ынанымы курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген каттоодон өткөн диний уюмдун мүчөсү болуп саналса; - жаза кылмышы үчүн мурда соттолсо; - ден-соолугунун абалы боюнча аскер кызматын өтөөдөн Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо каралган чектөөлөрү болсо: төмөнкүлөр альтернативдик кызмат өтөөгө укугу бар, эгерде ал: - чакырылып жаткан адамдан тышкары он сегиз жашка чейинки төрт жана андан да көп балдары бар болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам балдардын улуусу болсо; - ата-энелеринин бири I же II топтун майыбы болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам үй-бүлөнүн багуучусу болсо; - ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат, травма, контузия алуу) жана ооруга байланыштуу майып болуп калса; - ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө. (жаракат алуу, травма, контузия) жана ооруга байланыштуу өлүп калса (курман болсо); - аялы жана бир баласы бар болсо; - ал ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз баласы болсо; - жалгыз бой эненин (атанын) жалгыз баласы болсо; - жалгыз бой энесинин багуусунда он сегиз жашка чыга элек (болбосо он сегиз жаштан улуу болгон, бирок I же II топтун майыбы болгон) бир тууганы болуп, үй-бүлөдө башка балдары жок болсо; - ал атасынан жана энесинен ажыраган, үй-бүлөдөгү жалгыз бала болсо; - ал жыйырма төрт жаш курагына жеткен болсо жана кереги жоктугуна байланыштуу мөөнөттүү аскердик кызматты же чакырылуучу мобилизациялык резервде кызматын өтөбөгөн болсо. | 32-берене. Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу 1. Альтернативдик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын курагын, диний көз караштарын, үй-бүлөлүк абалын, соттолгондугунун бар болушун же ден-соолугун эске алып, мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна берилүүчү кызматтын түрү. 2. Он сегиз жаштан жыйырма жети жашка чейинки курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскердик кызматты же чакыруу мобилизациялык резервде кызмат өтөбөгөн эркек жаран: төмөнкүлөр альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш, эгерде ал: - ынанымы курал колдонууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген каттоодон өткөн диний уюмдун мүчөсү болуп саналса; - жаза кылмышы үчүн мурда соттолсо; - ден-соолугунун абалы боюнча аскер кызматын өтөөдөн Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо каралган чектөөлөрү болсо: төмөнкүлөр альтернативдик кызмат өтөөгө укугу бар, эгерде ал: - чакырылып жаткан адамдан тышкары он сегиз жашка чейинки төрт жана андан да көп балдары бар болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам балдардын улуусу болсо; - ата-энелеринин бири I же II топтун майыбы болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам үй-бүлөнүн багуучусу болсо; - ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат, травма, контузия алуу) жана ооруга байланыштуу майып болуп калса; - ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө. (жаракат алуу, травма, контузия) жана ооруга байланыштуу өлүп калса (курман болсо); - аялы жана бир баласы бар болсо; - ал ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз баласы болсо; - жалгыз бой эненин (атанын) жалгыз баласы болсо; - жалгыз бой энесинин багуусунда он сегиз жашка чыга элек (болбосо он сегиз жаштан улуу болгон, бирок I же II топтун майыбы болгон) бир тууганы болуп, үй-бүлөдө башка балдары жок болсо; - ал атасынан жана энесинен ажыраган, үй-бүлөдөгү жалгыз бала болсо; - ал жыйырма төрт жаш курагына жеткен болсо жана кереги жоктугуна байланыштуу мөөнөттүү аскердик кызматты же чакырылуучу мобилизациялык резервде кызматын өтөбөгөн болсо. - АЛ "КЫЙРООДОН САКТОО КЫЗМАТТАРЫ ЖАНА САКТООЧУЛАРДЫН СТАТУСУ ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ЫЛАЙЫК ТҮЗҮЛГӨН КООМДУК КЫЙРООДОН САКТОО КОШУУНДАРЫНДА ТУРАТ. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 1046-V ""Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү…Постановление · 23.09.2011 · № 1046-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 1047-V ""Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү…Постановление · 23.09.2011 · № 1047-V
- КР Жогорку Кеешинин 2011-жылдын 23-сентябры № 1045-V "Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү…Постановление · 23.09.2011 · № 1045-V
Шилтеме берет (4)
- Кыйроодон сактоо кызматтары жана сактоочулардын статусу жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 35
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2011 · № 702 · Күчүн жоготкон