Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ N 2 «Кристалл» мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 3-январы ПЖ N 2 "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө Мамлекеттик менчик объекттерин натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу, ишканалардын экономикалык кызыкчылыгын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасы үчүн финансылык пайданы жоготуу тобокелин азайтуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомун (мындан ары - "Кристалл МАК) Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигинин карамагынан чыгарып жана бул коомдун акцияларынын бардык мамлекеттик пакетин жана бүткүл документациясын берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин (мындан ары Кыргыз Республикасынын Маммүлккому) карамагына өткөрүп берсин;
- PESAC программасына кирген акционердик коомдордун акцияларынын пакетин сатуу боюнча соодага жана ведомстволор аралык тендердик комиссияны түзүүгө байланышкан мурда кабыл алынган ушул Жарлык күчүнө киргенге чейин жүзөгө ашырылбаган өз чечимдерин жокко чыгарсын;
- Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигине "Кристалл" МАКтын акцияларынын пакетин сатуу боюнча мурда жарыя кылынган жокко чыгарууга тийиштүү тапшырмаларды берсин;
- Кыргыз Республикасынын Маммүлкомуна Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык "Кристалл" МАКтын мүлктүк комплексин (акцияларынын пакетин) сатуунун тартибин аныктоо тапшырылсын;
- "Кристалл" МАКтын мүлктүк комплексин (акцияларынын пакетин) сатуу боюнча ыйгарым укуктар белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын Маммүлккомуна жүктөлсүн.
2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-мартындагы № 78 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу маселеси жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2007 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-январындагы №7-б буйругуРаспоряжение · 12.01.2006 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "РЕSАС программасына киргизилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" жана…Постановление · 16.03.2006 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-мартындагы № 49 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин мамлекеттик менчикти менчиктештирүү…Распоряжение · 03.03.2007 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 384 " 2006-жылдын I кварталы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2006 · № 384 · Күчүн жоготкон