Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин «РЕSАС программасына киргизилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө» жана «Кристалл» мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө» Жарлыктарын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 16-марты № 168
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин "РЕSАС программасына
киргизилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" жана
"Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери
жөнүндө" Жарлыктарын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин "РЕSАС программасына кирги-
зилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" 2005-жылдын 23-ноябрындагы №
594 жана "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери
жөнүндө" 2006-жылдын 3-январындагы № 2 жарлыктарын аткаруу үчүн Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Акциялардын мамлекеттик пакетин оперативдүү башкаруу иш-милде-
тин аткарып келген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм
министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитетине төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- "Хайдаркен сымап комбинаты", "Ташкөмүр", "Сүлүктүкөмүр" акцио-
нердик коомдорунун, "Шахта Алмалык" жоопкерчилиги чектелген коомунун
документеринин толук пакетин;
- бул токтом чыккан күндөн баштап бир жумалык мөөнөттүн ичинде
"Кристалл" мамлекеттик акционердик коому боюнча толук документтерди;
- "Кристалл", "Хайдаркен сымап комбинаты", "Ташкөмүр",
"Сүлүктүкөмүр" акционердик коомдорунун жана "Шахта Алмалык" жоопкерчи-
лиги чектелген коомунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин (үлүшүн)
(мүлктүк комплексин).
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети:
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акционердик коомдордун ак-
цияларынын мамлекеттик пакеттерин (мүлктүк комплексин) сатуунун тарти-
бин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктасын;
- "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун акцияларынын мамле-
кеттик пакетин (мүлктүк комплексин) белгиленген тартипте сатуу боюнча
чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчтүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-мартындагы №
122-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-августундагы №
534-б буйругу.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Распоряжение Правительства КР от 18 марта 2003 года №122-р (Об образовании межведомственной тендерной комиссии для проведения работы по продаже стратегическому инвестору на…Распоряжение · 18.03.2003 · № 122
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-мартындагы № 1692-III "Кристалл" МАКынын акцияларын мыйзамсыз сатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2007 · № 1692-III
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 384 " 2006-жылдын I кварталы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2006 · № 384 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Правительства КР от 26 августа 2004 года № 534-р (О составе межведомственной тендерной комиссии)Распоряжение · 26.08.2004 · № 534 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Распоряжение Правительства КР от 18 марта 2003 года №122-р (Об образовании межведомственной тендерной комиссии для проведения работы по продаже стратегическому инвестору на…Распоряжение · 18.03.2003 · № 122
- КР Президентинин 2006-жылдын 3-январы ПЖ N 2 "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.01.2006 · № 2
- Распоряжение Правительства КР от 26 августа 2004 года № 534-р (О составе межведомственной тендерной комиссии)Распоряжение · 26.08.2004 · № 534 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2005-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ № 594 "РЕSАС программасына кошулган ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 23.11.2005 · № 594 · Күчүн жоготкон