Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кристалл» акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын жана жол-жоболордун чегинен тышкары сатылып жаткандыгынын негиздериниликтөө үчүн төмөнкү курамдгы мамлекеттик комиссия түзүлүшү жөнүндө» Буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 3-марты ПБ № 49
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ
Мамлекетке зыян келтирүүгө жол бербөө, мыйзамдарды бузууну болтур-
боо максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 23-но-
ябрындагы № 594 "PESAC программасына кошулган ишканаларды менчиктеш-
тирүү жөнүндө" жана 2006-жылдын 3-январындагы № 2 "Кристалл" мамлекет-
тик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" жарлыктарына ылайык "Крис-
талл" акционердик коомунун менчиктештирилиши Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењеши бекиткен концепцияларга, программаларга же жекече долбоор-
лор боюнча жүргүзүлө турган PESAC программасынын чегинде кайра уюштуру-
ла турган объект катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
2006-жылдын 5-июнундагы № 1037-III токтому менен бекитилген
2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчик-
тештирүү Программасына кошулгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин жана Кыргыз
Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин 2007-жылы
5-мартта Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот де-
партаменти "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатуу
боюнча ачык соода жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматын көњүлгө алып:
1. "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик паке-
тин мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын жана жол-жобо-
лордун чегинен тышкары сатылып жаткандыгынын негиздерин жана жагдайла-
рын, ошондой эле бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин
жарлыктарын аткарбай коюунун себептерин жана залалдарын иликтөө үчүн
төмөнкү курамда мамлекеттик комиссия түзүлсүн:
Үсөнов Данияр - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премь-
Токтогулович ер-министри, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Молдокулов Сабырбек - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү
Айдарканович жана соода министри;
Чудинов Игорь - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика
Витальевич жана отун ресурстары министри;
Турдумамбетов Турсун - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү
Осмоналиевич башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин
төрагасы;
Кочкорбаев Иманилла - Юстиция министрлигине караштуу Сот департа-
Нуркамилович ментинин директору;
Тойчубеков Юруслан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Жуманович Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча
мамлекеттик агенттиктин директору;
Бурканов Арзыбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Орозматович өнөржай, курулуш, архитектура жана менчик-
тештирүү маселелери боюнча Комитетинин
төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сабиров Алишер - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ахмедович сот-укуктук реформалар Комитетинин төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Тагаев Рашид - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Бакирович коргоо жана коопсуздук боюнча Комитеттин
төрагасы (макулдашуу боюнча).
2. Мамлекеттик комиссия он күндүн ичинде "Кристалл" акционердик
коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин мамлекеттик менчикти менчик-
тештирүү программасынын жана жол-жоболордун чегинен тышкары сатылып
жаткандыгынын бардык жагдайларын жана негиздерин иликтесин, бул маселе
боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын аткарбай коюу-
нун себептерин жана залалдарын аныктасын жана мыйзам бузууларды жоюу
жана андай бузууларга жол берген адамдардын жоопкерчилигин аныктоо ме-
нен мамлекеттин укуктарын жана таламдарын толук калыбына келтирүү боюн-
ча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик комиссиянын корутун-
дусун жана сунуштарын карасын жана "Кристалл" акционердик коомунун ак-
цияларынын мамлекеттик пакетин сатуу маселеси боюнча мамлекеттик орган-
дар менен кызмат адамдарынын бардык аракеттерин жана актыларын колдону-
удагы мыйзамдарга толук ылайык келтирүү жөнүндө маселени дароо чечсин,
ошондой эле бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жар-
лыктарын кыйшаюусуз аткарууну камсыз кылсын.
4. Бул маселени мамлекеттик комиссия жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү кароону аяктаганга чейин кандайдыр-бир ачык соодалар же "Крис-
талл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу боюн-
ча башка иш-чаралар токтотула турсун.
5. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү
жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-мартындагы № 78 "Кристалл" акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуу маселеси жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2007 · № 78
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-мартындагы № 1692-III "Кристалл" МАКынын акцияларын мыйзамсыз сатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.03.2007 · № 1692-III
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2006-жылдын 3-январы ПЖ N 2 "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.01.2006 · № 2
- КР Президентинин 2005-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ № 594 "РЕSАС программасына кошулган ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 23.11.2005 · № 594 · Күчүн жоготкон