Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин « Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктуү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 29 июня 2026 года № 239 "О взаимодействии государственных органов Кыргызской Республики в сфере внешней политики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-29.
КР Президентинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 239 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-ноябры, № 543
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз
Республикасынын бирдиктуү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын
координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө
(КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПБ№ 607
Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Тышкы саясий иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча 2005-жылдын
15-октябрындагы республикалык кењешмеде коюлган милдеттерге ылайык,
ошондой эле «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 131 Мыйзамына ылайык
жана эларалык аренада Кыргыз Республикасынын бирдиктуү тышкы саясий
багытын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
координациялоочу ролун күчөтүү максатында токтом кылам:
1. Тышкы саясий багытты турмушка ашырууда Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын
бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жана эларалык милдеттенмелерин толук
көлөмдө аткаруу максатында эларалык иш маселелери жагынан аткаруу жана
мыйзам чыгаруу бийлик органдарын координациялоону жана өзара
аракеттенишин камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин структурасында Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттер жана эларалык
уюмдар менен мамилелер жагынан Кыргыз Республикасынын эларалык
милдеттенмелеринин аткарылышына конгролдук кыла турган башкы орган
болуп санала тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз
Республикасынын тышкы экономикалык саясатын турмушка ашырууда
мамлекеттик органдарга жана экономикалык субъекттерге көмөк көрсөтүү
боюнча функциялар жүктөлсүн.
Республиканын министрликтери, ведомстволору, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялары (мамлекеттер аралык мааниге ээ болгон)
маанилүү ишчаралар тууралу дайыма маалымдап турсун.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий жана тышкы экономикалык
таламдарына тиешелүү, анын ичинде чет өлкөлүк делегацияларды,
мамлекетгик органдарды Кыргыз Республикасына чакыруу, Кыргыз
Республикасынын сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү жана эларалык келишимдерин,
анын ичинде ведомстволор аралык мүнөздөгү келишимдерин түзүү жөнүндө
сунуштарды мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Президентине
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылганга чейин милдепүү
тартипте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен
макулдашат.
4. Мамлекеттин тышкы саясатынын маселелери боюнча расмий
билдирүүлөр жана демилгелер менен Кыргыз Республикасынын Президенти,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын
тышкы иштер министри, ошондой эле алардын тиешелүү тапшырмасы боюнча
башка адамдар чыга тургандыгы белгиленсин. Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары айрым тышкы саясий
маселелерди козгогон билдирүүлөр менен белгиленген тартипте
бекитилген, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен
макулдашылган позицияларда гана чыга алат.
Тышкы саясий мунөздөгү расмий маалыматты Кыргыз Республикасынын
Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басмасөз
катчылары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басмасөз
кызматы жарыя кылат.
5. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык
өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчылары өздөрү жүргөн
мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий багытын
макулдашып жүргүзүүнү камсыз кылсын жана бул максатта өзү турган
мамлекетте Кыргыз Республикасынын башка кызмат адамдарынын ишин
координациялоону жүзөгө ашырсын.
Көрсөтүлгөн өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери өз ишин белгиленген
тартипте элчи (Элчилик жок болгон учурда Башкы консул) менен
макулдашууга, элчи ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан учурда ага
көмөк көрсөтүүгө, өзүнүн иши жөнүндө маалымдоого милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын жүзөгө ашыруу
маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана
жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына расмий түшүндүрүүлөрдү жана
сунуштарды берип турсун;.
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин структураларынын жана
кызмат адамдарынын ушул Жарлыкта белгиленген тартиптин бузулушуна алып
келген аракеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине билдирип
турсун.
7. (күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
кызматкерлеринин кызматтык айлык акылары тиркемеге ылайык белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктын 7-пунктун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлигинин структурасын кайра карап чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ушул Жарлыкта
аныкталган статусуна жана ыйгарым укуктарына таянуу менен анын
финансылык, материалдык-техникалык жана башка маселелерин зарылчылыкка
жараша оперативдүү чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана анын
мекемелери консулдук кызмат көрсөткөндүгү үчүн акы алуудан келип
түшкөн бардык каражаттарды алардын материалдык-техникалык базасын
чыњдоого жана кењейтүүгө жумшасын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
10. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
Кыргыз Республикасынын учурдагы муктаждыктарын жана стратегиялык
таламдарын эске алуу менен өткөн жылдардын тажрыйбасын жалпылаган жана
жањы милдеттерди аныктаган мамлекеттин тышкы саясатынын Концепциясынын
долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
кароосуна киргизсин.
11. «Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий багытын
жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
координациялоочу ролу жөнүндө» Президенттин 1997-жылдын 15-
сентябрындагы № 253 Указы күчүн жоготту деп табылсын.
12. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
13. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (15)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 556-б (Автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 23.10.2008 · № 556-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 379-б (Автотранспорт сатып алуу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 22.07.2008 · № 379-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 25-б (Автомашинаны өткөрүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 24.01.2009 · № 25-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 384-б (Кызматтык автотранспортту өткөрүп берүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 15.07.2009 · № 384-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-апрелиндеги №234 токтомго "Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө" жобосуПоложение · 16.04.2009 · № 234
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-июну № 239 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.06.2026 · № 239
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 632 "Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена шаарында имарат сатып алуу…Постановление · 30.12.2007 · № 632
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 28 декабря 2000 года УП №364 " О мерах по дальнейшему совершенствованию управленческих структур государственных органов Кыргызской Республики"Указ · 28.12.2000 · № 364 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 609 " Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2005 · № 609 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 11-октябрындагы № 431 БуйругуРаспоряжение · 11.10.2007 · № 431 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри 2005-жылдын 2-декабрындагы № 590 буйругуРаспоряжение · 02.12.2005 · № 590 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 15 сентября 1997 года УП №253 "О координирующей роли Министерства иностранных дел Кыргызской Республики в проведении единой внешнеполитической линии…Указ · 15.09.1997 · № 253 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы №219 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын…Постановление · 08.06.2007 · № 219 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-январындагы № 56 "Кыргызстандын түштүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жөнүндө"…Постановление · 31.01.2006 · № 56 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-июну № 239 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.06.2026 · № 239
- О дипломатической службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 25.07.2002 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 15 сентября 1997 года УП №253 "О координирующей роли Министерства иностранных дел Кыргызской Республики в проведении единой внешнеполитической линии…Указ · 15.09.1997 · № 253 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.