Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Автотранспорт сатып алуу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 22-июлу № 379-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги үчүн наркы 74000 (жетимиш төрт миң) АКШ доллары болгон "Мерседес Е-280" маркасындагы өкүлчүлүк классындагы автотранспорт сатып алууга уруксат берилсин.
2. Өкүлчүлүк классындагы автотранспорт сатып алуу, ошондой эле автотранспортту жеткирүүгө жана тариздөөгө байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин көрсөтүлүүчү консулдук жана башка кызматтарынан атайын каражаттарды топтоонун эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар…Постановление · 17.08.2004 · № 618 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 " Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктуү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын…Указ · 14.11.2005 · № 543 · Күчүн жоготкон