Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена шаарында имарат сатып алуу жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 30-декабры № 632
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы
Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена шаарында
имарат сатып алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Рес-
публикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоо-
чу ролун күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 Жарлыгына ылайык ошондой эле Кыргыз
Республикасынын Австрия Республикасы, Вена шаарында орун алган эл ара-
лык уюмдар менен эки тараптуу кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана
терењдетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Респуб-
ликасынын Австрия Республикасындагы Элчилигин жайгаштыруу үчүн Вена ша-
арында имарат сатып алууга уруксат берилсин.
2. Имарат сатып алууга жана тариздөөгө байланышкан чыгымдар Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана анын чет өлкөлөрдөгү меке-
мелери консулдук кызмат көрсөткөндүгү үчүн акы алуудан келип түшкөн ка-
ражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети бүтүм аяктагандан кийин сатып алынган кыймылсыз
мүлктү Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мамлекеттик менчиги катары
каттасын.
4. Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы Атайын жана
Ыйгарым укуктуу элчисине имарат сатып алуу-сатуу келишимине Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.