КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-сентябры № 576
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону башкаруунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 319 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун учурдагы жылга бюджетинде каралган Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн топтолгон каражаттарын ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алыш-бериш эсебине жиберип турсун;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өткөн отчеттук жыл үчүн бюджетинин аткарылышы боюнча отчет түзүлгөндөн кийин жыл сайын Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттары боюнча карыздарды салыштырып текшерүүнү жүргүзсүн жана аларды кийинки жылдын бюджетине киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекция" мекемесине Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык санаториялык-курорттук мекемелердин объекттерин капиталдык курууга жана оңдоого, ошондой эле алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 720 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы № 73 (3627) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 720 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2023 · № 720 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 319 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү…Постановление · 22.11.2023 · № 319
- Ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 720 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2023 · № 720 · Күчүн жоготкон