Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 19 сентября 2024 года № 576 "О распределении средств Фонда оздоровления трудящихся"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-09-19.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 576 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-декабры № 720
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы № 319 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоону башкаруунун натыйжалуу механизмин түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн топтолгон каражаттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алыш-бериш эсебине болгон карыздарды эске алуу менен 2023-жылдын 31-декабрына чейин жиберсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүнүн каражаттарынын чыгымдарынын сметасын жана өздөштүрүүнүн планын киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-майындагы № 58 "Эмгекчилердин ден соолугун жакшыртуу фондунун каражаттарын бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 319 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды натыйжалуу башкаруу боюнча чараларды көрүү…Постановление · 22.11.2023 · № 319
- Постановление ВП КР от 27 мая 2010 года №58 "Об уполномоченном органе по распределению средств Фонда оздоровления трудящихся"Постановление · 27.05.2010 · № 58
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 576 "Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын бөлүштүрүү…Постановление · 19.09.2024 · № 576