Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 62 «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 23-марты ПЖ № 62 Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө Азыркы учурда Кыргыз Республикасында энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) пайдаланууга өтүү маселеси курч турат. Алсак, казылып алынуучу отундун түрлөрү (көмүр, мунай, жаратылыш газы) күйүү учурунда атмосферага парниктик таасирдин өсүшүнө жана глобалдык ысып кетүүгө өбөлгө түзүүчү көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Ал эми күн, шамал жана энергиянын башка булактары кирген ЭКБ экологиялык таза, анткени алар иштеген учурда дээрлик калдыктар жок, атмосферага же көлмөлөргө булгоочу заттар чыкпайт; казылып алынуучу отунду казып алуу, кайра иштетүү жана ташуу менен байланышкан экологиялык чыгымдар жок. Ушуга байланыштуу ЭКБнын көпчүлүгү жашыл, башкача айтканда айлана-чөйрөнү булгабаган экологиялык таза энергетикага кирет. Бүгүнкү күндө ЭКБ жогоруда аталган казылып алынуучу отундун түрлөрүнө альтернатива болуп саналат, анткени ЭКБнын отундан көз карандысыздыгы өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жана электр энергиясына болгон баанын туруктуулугун камсыз кылмак. Мындан тышкары кайра жаралуучу энергетика ар түрдүү жаратылыш ресурстарына негизделет, бул кайра жаралбоочу булактарды үнөмдөөгө жана аларды экономиканын башка тармактарында пайдаланууга, ошондой эле келечек муундар үчүн экологиялык таза энергияны сактоого мүмкүндүк берет. Мында көпчүлүк учурларда ЭКБнын базасындагы электр станциялары жеңил автоматташтырылат жана адамдын түздөн-түз катышуусуз иштей алат. Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу, өлкөнүн энергиянын кайра жаралбоочу булактарынан көз карандылык деңгээлин азайтуу жана энергияны жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле айлана-чөйрөнү жана адамдын ден соолугун коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна белгиленген тартипте ЭКБны пайдалануу үчүн жарактуу жерлерди мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бир айлык мөөнөттө ЭКБны пайдалануу үчүн жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин ("бирдиктүү терезе" механизми) аныктаган ченемдик укуктук актыны иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобого тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте ЭКБны пайдалануу үчүн жарактуу жерлердин санын жана көлөмүн тактоо жана аныктоо боюнча (ар бир айыл өкмөтү боюнча) жумушчу комиссияны түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э.Торобаевдин төрагалыгы алдында ЭКБны өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу иштеген жумушчу топту түзсүн;
- ЭКБны өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен туруктуу негизде өз ара аракеттенсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- пайдалануу эрежелерин бузган учурда Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ижарачылар менен тиешелүү ижара келишимдерин бузууну, ошондой эле тиешелүү жерлерди алып коюуну камсыз кылсын;
- ЭКБны пайдалануу үчүн жерлерди берүү боюнча ишке көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
6. Ушул Жарлыктын 2-пунктун аткаруу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, шаарлардын мэрлерине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 30 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (30)
- 2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 544 токтомуна…Программа · 01.09.2025 · № 544
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун А.Дуйшеев айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба…Постановление · 06.10.2023 · № 531
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун А.Дуйшеев айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба…Постановление · 06.10.2023 · № 530
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.07.2023 · № 378
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августу № 429 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.08.2023 · № 429
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы ПЖ № 178 "Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.07.2023 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 286-т (Майлуу-Суу дарыясында чакан гидроэлектр станциясын куруу маселелери жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 24.04.2026 · № 286-т
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жыл 21-апрели № 01-7/30 "Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.04.2025 · № 01-7/30
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 498 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун ишинин айрым…Постановление · 22.09.2023 · № 498
- Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 2024-жылдын 14-февралындагы № 3 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө"…Постановление · 14.03.2024 · № 3
- Көк-Ой айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-октябрындагы № 29 “Суу Энерджи” ЖЧКна Көк-Ой айылынын түндүк тарабындагы “Семетей” подстанциядан тартып айылдын күн батыш тарабына чейин…Постановление · 21.10.2023 · № 29
- Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы №8 "Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2024 · № 8
- Чоң-Алыш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 31 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө"Постановление · 30.07.2024 · № 31
- Чоң-Алыш айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 42 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформацилоо) жөнүндө" токтомуПостановление · 28.08.2024 · № 42
- Шумкар-Уя айылдык кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 39 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтомуПостановление · 05.09.2024 · № 39
- Орозбеков айылдык кенешинин 2024-жылдын 23-декабрындагы №9 "Өндүрүш айылынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө" токтому.Постановление · 23.12.2024 · № 9
- Жаны-Жер айылдык кенешинин 2025-жылдын 22-июлундагы №36 "“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун…Постановление · 22.07.2025 · № 36
- Көк-Бел айыл өкмөтүнүн №7-01 2025 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындачакан гидро-электро станциясын курууга уруксат берүү жөнүндө токтомуПостановление · 22.07.2025 · № 7-01
- Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 09-декабрындагы №8/2 Араван районунун Керме – Тоо айыл аймагына караштуу Байдамтал айылына чакан ГЭС куруу жөнүндө токтому.Постановление · 09.12.2025 · № 8/2
- Ак-Турпак айылдык кенешинин 2025-жылдын 2-декабрындагы №42 "Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-июлундагы “Ак-Турпак айыл аймагынан 1000 (бир миң) га жер аянтын узак…Постановление · 02.12.2025 · № 42
30 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021