Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 178 «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2023-жылдын 24-июлу ПЖ № 178 Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө Климаттык чакырыктарга, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөөнүн тездик менен ашыкча өсүшүнүн шартында генерациялоочу кубаттуулуктун жетишсиздигине байланышкан энергетикалык кризистен Кыргыз Республикасын чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2023-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө колдонулуучу өзгөчө кырдаал режими жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир жумалык мөөнөттө:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 62 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына ылайык андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна өткөрүп берүү менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун аныктоо жана бөлүп берүү укугун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берсин;
2) өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде Кыргыз Республикасынын энергетика министрине оперативдүү тартипте төмөнкүдөй өзгөчө укук берсин:
- жер жана суу фонду, жер казынасын пайдалануу маселелерин тескеген Кыргыз Республикасынын айыл чарба, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлеринин орун басарларынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин, "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын директорлорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын Кыргыз Республикасынын аймагында энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу бөлүгүндө ишин жалпы координациялоону жүзөгө ашырууга;
- ушул Жарлыктын 2-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацында көрсөтүлгөн кызмат адамдарын ушул Жарлыкты ишке ашырууга байланышкан чаралар талаптагыдай аткарылбаган учурда ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун инвентаризациялоону жүргүзсүн жана 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып белгиленген тартипте энергетика чөйрөсүндөгү объекттерди курууга арналган, максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган же техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу, энергетикалык объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча иштер баштала элек жер участокторун пайдалануу укугун токтотууну демилгелесин;
4) энергетика тармагындагы мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканаларга, акционердик коомдорго жана алардын туунду коомдоруна өзгөчө кырдаалдын көрсөтүлгөн режимин киргизүү менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан методу менен сатып алууга уруксат берсин;
5) Кыргыз Республикасынын энергетика министринин ушул Жарлыктын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилигин белгилесин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 60 (3509) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 19 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (19)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.07.2023 · № 378
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрели № 122 "Трансформатордук көмөк чордон куруу үчүн жер участогун мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү жолу менен ээликтен…Постановление · 25.04.2024 · № 122
- Кара-Көл шаардык кеңешинин 2024-жылынын 31-майындагы №165/35-8Постановление · 31.05.2024 · № 165/35-8
- Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-февралындагы №36 «Ак-Кудук участкасындагы жайыт жерлеринин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө» токтомуПостановление · 04.02.2025 · № 36
- Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 18-августундагы №68 "Ак-Кудук участкасындагы жайыт жерлеринин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.08.2025 · № 68
- Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 4-февралындагы №29 "Ак-Кудук участкасындагы жайыт жерлеринин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө." токтомуПостановление · 04.02.2025 · № 29
- Айры - Там айылдык кеңешинин 2026-жылдын 16-мартындагы №2/13 “Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 16.03.2026 · № 2/13
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 539 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз…Постановление · 10.10.2023 · № 539
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.03.2025 · № 120
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун…Постановление · 13.09.2024 · № 566
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз…Постановление · 26.12.2023 · № 709
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-июлундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 169 "Генерациялоочу булактарды, электр…Постановление · 24.07.2025 · № 440
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун иши чөйрөсүндөгү…Постановление · 12.09.2024 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 376 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-июлундагы № 378 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.07.2024 · № 376
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 443 "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2025 · № 443 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 31.07.2023-ж. № 378 токтомуПостановление · 31.07.2023 · № 378
- КР Министрлер Кабинетинин 12.09.24-ж. №556 токтомуПостановление · 12.09.2024 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -…Протокол · 04.09.2023 · № 31-31
- Кыргызстанда энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими киргизилдиУказ · 24.07.2023
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 62 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 23.03.2023 · № 62
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 49