Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 429
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 62 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун ички ишин бирдиктүү терезе принциби боюнча уюштуруу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу жободо:
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын:
"в) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу энергетикалык орнотмолорду курууга.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) газ куюу жана электр кубаттоо станцияларын куруу жана эксплуатациялоо максатында иштерди аткаруу.";
- 2-пункттун биринчи абзацы "пайдалуу кендерди иштетүү" деген сөздөрдөн кийин ", ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 23-1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган мамлекеттик токой фондунун жерлерин өткөрүп берүү ЭКБ пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме тарабынан өткөрүлгөн конкурстук тандоонун негизинде жүзөгө ашырылат.";
- 32-пункттун 10-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 74-4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"74-4. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу белгиленген тартипте таризделген мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундуларынын негизинде, архитектуралык-пландоо, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 55-7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 токтому менен бекитилди) тартибиПорядок · 10.04.2018 · № 192
- "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтому менен бекитилген)Положение · 07.07.1995 · № 271
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябры № 544 "2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 01.09.2025 · № 544
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун ички ишин бирдиктүү терезе принциби боюнча уюштуруу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 28.08.2023 · № 429
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп…Положение · 28.08.2023 · № 429
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 286-т (Майлуу-Суу дарыясында чакан гидроэлектр станциясын куруу маселелери жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 24.04.2026 · № 286-т
- Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтомуна)Положение · 09.10.2019 · № 535
- Көк-Ой айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-октябрындагы № 29 “Суу Энерджи” ЖЧКна Көк-Ой айылынын түндүк тарабындагы “Семетей” подстанциядан тартып айылдын күн батыш тарабына чейин…Постановление · 21.10.2023 · № 29
- Көк-Бел айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-январындагы №26-03 Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тартууга макулдук берүү жөнүндө токтомуПостановление · 12.01.2024 · № 26-03
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин энергиянын кайра…Постановление · 06.02.2026 · № 67
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 "Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2018 · № 192
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 09.10.2019 · № 535
- КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.1995 · № 271
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 62 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 23.03.2023 · № 62