Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 358 «Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 10 июня 2024 года УП № 149 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-10.
КР Президентинин 2024-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 149 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 26-октябры ПЖ № 358 Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 55, 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. 2024-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 55, 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну 2024-жылдын 31-декабрынан тартып ар бир алты айда узартып турсун;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка толук чараларды көрсүн.
(КР Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ № 55, 2023-жылдын 28-декабрындагы ПЖ № 365 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 28-октябрындагы № 95 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 10-январындагы № 3 (Ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 10.01.2023 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга…Постановление · 07.10.2022 · № 561
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 149 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.06.2024 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдындагы 14-марты ПЖ № 55 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын…Указ · 14.03.2023 · № 55 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабры ПЖ № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын…Указ · 28.12.2023 · № 365 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 10-июнундагы ПЖ № 149 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 10.06.2024 · № 149
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.