Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 358 «Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 26-октябры ПЖ № 358 Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып ар бир алты айда узартып турсун;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка толук чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 28-октябрындагы № 95 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 358 "Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга…Указ · 26.10.2022 · № 358 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 582 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.10.2022 · № 582 · Күчүн жоготкон