Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Манас» улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 16-майы № 262 "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин маселелери жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25 апрелиндеги № 289 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы № 330 "Манас" эпосунун үчилтигин жана Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасы менен байланышкан изилдөө функциясын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна өткөрүп берүү менен "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси деп кайра аталсын.
2. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмесинде:
31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "31. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 275 "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2, 5, 8, 9, 11-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "24. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси".
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси:
1) "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
2-тиркеме
"7-тиркеме
"Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№
Кызмат орундарынын аталышы
Эселөө коэффициенттери
1
Президент
5,31
2
Вице-президент
3,99
3
Окумуштуу катчы
3,50
4
Борбордун жетекчиси
3,50
5
Башкы бухгалтер
3,45
6
Бөлүм башчы
2,59
7
Сектор башчы
2,50
8
Башкы адис
2,46
9
Жетектөөчү адис
2,39
10
1-категориядагы адис
2,32
".
3-тиркеме
"13-тиркеме
"Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№
Кызмат орундарынын аталышы
Эселөө коэффициенттери
1
Чарба башчысы
1,61
2
Жеңил автомобилдин айдоочусу
1,30
3
Электрик
1,30
4
Сантехник
1,30
5
Короо шыпыргыч
1,30
6
Кароолчу
1,00
7
Кызматтык жайларды жана залды тазалоочу
1,00
".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 275 "Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2019 · № 275
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 289 "Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматчылардын…Постановление · 25.04.2026 · № 289
- "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы №262 токтомуна)Положение · 16.05.2023 · № 262
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 262 "Манас" улуттук…Постановление · 24.10.2024 · № 641
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият,маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик…Постановление · 30.03.2022 · № 180 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 289 токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 289
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 330 "Манас" эпосунун үчилтигин жана Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө…Указ · 28.09.2022 · № 330
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 275 "Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.06.2019 · № 275
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 289 "Маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген жана мамлекеттик кызматчылардын…Постановление · 25.04.2026 · № 289