Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин « Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-10-17.
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 17-октябры ПЖ № 468
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун
жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү
өзалдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону
дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынып Конституциясынын 1-статьясынын 6-пунктун
жана Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 88-статьясынын
2-пунктун жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана район-
дук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчы-
ларын шайлоо жекшембиге 2005-жылдын 18-декабрына дайындалсын (буга ый-
гарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу
2002-2005-жылдары кайра шайланган жергиликтүү өзалдынча башкаруунун
башчылары кирбейт).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясы жогоруда агалган жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
мөөнөттө өткөрүү үчүн 2005-жылга республикалык бюджетте каралган финан-
сылык каражаттарды бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары сакталышын камсыз
кылсын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жер-
гиликтүү өзалдынча башкаруу органдары шайлоо комиссияларын шайлоочулар-
дын сапаттуу тизмелери менен камсыз кылсын жана шайлоону даярдоо жана
өткөрүү учурунда уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди
чечүүдө аларга көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мам-
лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 525 " Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча…Постановление · 14.11.2005 · № 525 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон