Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-11-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 14-ноябры № 525
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун
жана райондук маанидеги шаарларынын жергиликтүү
өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону
уюштуруучулук жана материалдык-техникалык
камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 17-октябрындагы №
468 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук
баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыла-
рын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 17-октябрындагы № 468 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын,
поселокторунун жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өз
алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгын
жетекчиликке жана аткарууга алышсын.
2. Райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комиссияларына айыл-
дардын, поселоктордун жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз
алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюш-
туруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүү боюнча рес-
публикалык штаб тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук
маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын башчыларын
шайлоону өткөрүүнү камсыздоонун бардык уюштуруучулук-техникалык маселе-
лерин чечишсин;
- райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комиссияларына шайлоого
даярданууда жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө
жардам көрсөтүү боюнча тийиштүү штабдарды түзүшсүн;
- райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комиссиялары жана добуш
берүү үчүн жайларды бөлүүгө, автотранспорт, материалдык-техникалык ка-
ражаттар жана байланыш менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечиш-
син;
- жер-жерлердеги райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комисси-
яларына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө такай иштиктүү жардам
көрсөтүшсүн;
- шайлоо комиссияларын шайлоочулардын сапаттуу тизмелери менен
камсыздашсын;
- "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын иштеши үчүн
тийиштүү шарттарды түзүшсүн жана системалык администраторлордун ишине
көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясына райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комис-
сияларынын мүчөлөрүн өз убагында окутууну уюштурууга жардам беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
2005-жылга республикалык бюджетте шайлоо өткөрүү үчүн каралган каражат-
тарды аныкталган тартипте каржыласын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоого даярдануу жана өткөрүү
мезгилинде коомдук тартиптин жана коомдук коопсуздуктун сакталышын,
анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жай-
ларды күзөтүүнү, алардын өрт коопсуздугун камсыздашсын.
6. Кыргыз Республикасьшын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте шайлоого даярдануу жана
өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарынын нормалары жана коомдук тартип сакталышын
камсыздасын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана региондук
өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 14-ноябрындагы № 525
токтомуна тиркеме
Райондук, шаардык жана участоктук шайлоо комиссияларына
айылдардын, поселоктордун жана райондук маанидеги шаарлардын
жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоону
даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди
чечүүгө жардам көрсөтүү боюнча
республикалык штаб
Ф.Ш.Кулов - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, штаб-
дын төрагасы;
Темирбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Админист-
рация жетекчисинин Биринчи орун басары - Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясы-
нын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу
саясаты бөлүмүнүн башчысы, штабдын төрагасынын
орун басары (макулдашуу боюнча);
Коеналиев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
парат жетекчиси-министр, штабдын төрагасынын
орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы
министри;
Ниязов Ш.Н. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо ми-
нистри;
Семененко Е.Г. - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык
жактан коргоо министри;
Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана
жаштар саясаты министри;
Рустенбеков Ж.С. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми-
нистри;
Кармышев У.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
парат жетекчисинин орун басары - Кыргыз Респуб-
ликасынын Премьер-министринин Аппаратынын мам-
лекеттик кызмат жана региондук өнүктүрүү баш-
кармалыгынын начальниги;
Орозбаева А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын реформаларды, мамлекеттик программа-
ларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыз-
доо башкармалыгынын начальниги;
Асанкожоева З.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын финансы башкармалыгынын начальниги;
Сарыбаев А.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш-
кармалыгынын начальниги;
Акималиев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын агроөнөржай комплекси жана кайра иш-
тетүүчү өнөр жай бөлүмүнүн башчысы;
Жунусов Б.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери
боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Конокбаев Т.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын маалыматтык саясат жана коомдук бай-
ланыштар боюнча башкармалыгынын начальниги;
Айтбаев У.Ш. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ап-
паратынын мамлекеттик кызмат жана региондук
өнүктүрүү башкармалыгынын уюштуруу иштери боюн-
ча инспектору, штабдын секретары.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 17-октябрындагы № 468 " Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү…Указ · 17.10.2005 · № 468 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон