22-берене. Почта байланышы уюмдары менен ишканаларынын кызматкерлерине кошумча гарантиялар
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · IV Бөлүм
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик почта байланышы ишканаларына кызматтык турак жайларды бөлүп берет. Мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын почточуларына алар өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруу учурунда шаардык жүргүнчү транспортунун бардык түрлөрүндө (таксиден бөлөк), ал эми айыл жергесинде да ошондой эле шаар тегерегинде жана шаар аралык жүрүүчү жалпы пайдаланылчу автомобиль транспортунда акысыз жүрүүгө укук берилет. Ушул максаттарга кеткен чыгымдарды төлөө жергиликтүү бийлик органдарынын бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт. Почточулар бут кийим жана форма, ал эми зарыл учурларда почта байланышы ишканаларынын эсебинен жүрүүчү жекече каражаттар менен камсыз кылынат.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-22" title="22-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>