21-берене. Почта байланышы объектилерин жайгаштыруу
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · IV Бөлүм
Мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары почта байланышы ишканаларына алардын почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча иш-аракеттерине көмөк көрсөтүшөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары шаарлар менен калктуу конуштарды, турак жай райондору менен комплекстерди долбоорлоодо жана инфраструктурасын өнүктүрүүдө, ченемдиктерге ылайык, мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын объектилерин жайгаштыруу жана алар өз иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн имараттарды жана коммуникацияларды курууну кароого милдеттүү. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары технологиялык ченемдерге ылайык курулган (же курулуп жаткан) турак үйлөрдөн же башка имараттардан мамлекеттик почта байланышы ишканаларына кызмат көрсөтүү үчүн өзүнчө жайларды биротоло бөлүп берүүгө милдеттүү. Почта байланышы ишканаларына ушул райондун же калктуу конуштун социалдык инфраструктуранын объектиси катары бекитилип берилген ушул жайларды почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашпай туруп алып коюуга болбойт. Мамлекеттик почта байланышы ишканалары почта байланышы объектилерин технологиялык ченемдерге ылайык автомобиль жана темир жол станцияларында, аэропорттордо, пристандарда жана мейманкана комплекстеринде жайгаштырууга милдеттүү, ал эми темир жол, аба, автомобиль, дарыя транспортторунун жана мейманкана комплекстеринин чарбакер субъекттери аларды жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик темир жол почтамттарын, авто-, темир жол станцияларындагы, аэропорттордогу, пристандардагы жана мейманкана комплекстериндеги почта ташуу бөлүмдөрүнүн имараттарын жана курулуштарын куруу үчүн жер участкалары мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан вокзалдардын жана мейманкана комплекстеринин имараттарына жакын жерден, ал эми мамлекеттик шаардык почтамттарды жана калктуу конуштардын почта байланышы түйүндөрүн курууга - шаардын борбордук бөлүгүнөн автомобилдер, почта вагондору, самолеттор, кемелер аркылуу жеткирилген почта жөнөтмөлөрүн иштетүүгө жана алмашууга мүмкүн болгон шарттарды камсыз кылуу менен бөлүнүп берилүүгө тийиш. Абоненттик почта шкафтары менен почта ящиктери курулуш уюмдары тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттарына орнотулат. Абоненттик почта шкафтарын жана ящиктерин сатып алууга жана орнотууга кеткен чыгымдар ушул үйлөрдүн курулуш сметасына кирет. Абоненттик почта шкафтарын жана ящиктерин жарактуу абалда сактап туруу үй ээлери тарабынан жүргүзүлөт. Почта байланышы ишканалары почтанын сакталышын камсыз кылбаган абоненттик почта ящиктерине жана шкафтарына салынган почтанын сакталышына жооп бербейт. Көп кабаттуу имараттарда жайгашкан уюмдарга почта жөнөтмөлөрүн жеткирүү ушул уюмдар тарабынан имараттардын биринчи кабаттарына орнотулган таяныч пункттардын почта шкафтарына салуу аркылуу жүргүзүлөт. Ушундай шкафтарды орнотуу жана жарактуу абалда сактап туруу почта жөнөтмөлөрүн алуучулар тарабынан жүргүзүлөт. Почта байланышы ишканалары калктан каттарды жана почта карточкаларын чогултуу үчүн почта ящиктерин турак үйлөрдүн жана административдик имараттардын дубалдарына, ынгайлуу болгон башка жерлерге жайгаштырууга укуктуу.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-21" title="21-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>