23-берене. Почта байланышы кызматтары жөнүндө маалыматка пайдалануучулардын укуктары
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · V Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында почта байланышы кызматтарынан пайдаланууга тең укуктуу. Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулар өздөрүнүн почта байланышы кызматтарынын көрсөтүлүшүнө болгон укуктары жөнүндө, кызматтарга болгон тарифтер менен баалар жана почта жөнөтмөлөрүнүн жете турган мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды почта байланышы ишканаларынын да, ошондой эле жарнама жана массалык маалымат каражаттары аркылуу да эркин алуу укугуна ээ. Почта байланышы ишканалары практикалык ишинде почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын аларды тейлөөнү жакшыртууга багытталган сунуштарын эске алууга милдеттүү. Кепилденген сапаттагы почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн алууга керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле бул укуктарды коргоону ишке ашыруу механизми Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Почта байланышы кызматтары жөнүндө маалыматка
пайдалануучулардын укуктары
Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында почта
байланышы кызматтарынан пайдаланууга тењ укуктуу.
Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулар өздөрүнүн почта бай-
ланышы кызматтарынын көрсөтүлүшүнө болгон укуктары жөнүндө, кызматтарга
болгон тарифтер менен баалар жана почта жөнөтмөлөрүнүн жете турган
мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды почта байланышы ишканаларынын да,
ошондой эле жарнама жана массалык маалымат каражаттары аркылуу да эркин
алуу укугуна ээ.
Почта байланышы ишканалары практикалык ишинде почта байланышы кыз-
маттарынан пайдалануучулардын аларды тейлөөнү жакшыртууга багытталган
сунуштарын эске алууга милдеттүү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-23" title="23-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>