20-1-берене. Почта байланышы жаатындагы эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · III Бөлүм
Почта байланышы ишканаларында эмгек шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. Почта байланышы ишканаларынын кызмат адамдарына атайын жүктөрдү, накталай акчаларды, башка почта жөнөтмөлөрүн коштоо жана байланыш объекттерин кайтаруу боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн ок атуучу куралды, ошондой эле өзүн-өзү коргоонун жана жеке коргонуунун атайын каражаттарын сактоо, алып жүрүү жана колдонуу укугу берилет. Ок атуучу куралды, ошондой эле өзүн-өзү коргоонун жана жеке коргонуунун атайын каражаттарын колдонуу Кыргыз Республикасынын курал-жаракты жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен жөнгө салынат. Почта байланышы ишканалары өз каражаттарынын эсебинен өз кызматкерлерине кошумча социалдык жеңилдиктерди жана материалдык компенсацияларды белгилөөгө укуктуу. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-20-1" title="20-1-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>