Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун « Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 2 мая 2015 года УП № 82 "О военной форме одежды и знаках различия военнослужащих Вооруженных Сил, других воинских формирований и государственных органов Кыргызской Республики, в которых законом предусмотрена военная служба"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-02.
КР Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы ПЖ № 82 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 11-августу ПЖ № 311 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө
(КР Президентинин 2006-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 88; 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481; 2010-жылдын 20-декабрындагы ПЖ № 364 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана мекемелердин таандыктыгын, максатынын өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын айырмалоочу белгилерин аныктоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрунүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери киргизилсин жана кызматкерлери аларды кийүүгө укуктуу болгон министрликтердин жана ведомстволордун тиркелген тизмеси бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын кийиминин, бут кийиминин, жабдыктарынын жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасы (№ 2 тиркеме); Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын погондорунун жана формалык фурнитурасынын сүрөттөрү.
3. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарынын жана аскерлеринин генералдары, офицерлери, прапорщиктери, узак мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчылары, кыска мөөнөтүү кызматтагы сержанттары, солдаттары ушул Жарлыкта белгиленген погондорду тагынат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин (буга Ички аскерлер кирбейт) атайын наамдары жана алар үчүн белгиленген үлгүдөгү погондору болот;
- Кыргыз Республикасынын бардык башка структураларынын жана ведомстволорунун кызматкерлери атайын жана ведомстволук кийимден башка Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген погондорду жана аскердик үлгүдөгү кийимди пайдаланбайт;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бардык аскер кызматчылары үчүн аскер кызматчыларын айырмалоонун башка белгилерин, ошондой эле аскердик кийимди, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарын алып жүрүүнүн бирдиктүү эрежелерин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары болуп саналбаган адамдардын кийими жана айырмалоочу белгилери аскер кызматчыларынын аскердик кийими жана айырмалоочу белгиси менен бирдей, ошондой эле аларга аралашып кетүү даражасына чейин окшош болушу мүмкүн эмес;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте кийимдин жаңы үлгүсүнө жана айырмалоочу белгисине өткөнгө чейин эски же башка үлгүдөгү аскердик кийимди жана айырмалоочу белгисин кийүүгө укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын аскердик кийим жана айырмалоочу белгилер менен камсыз кылуу тартибин; аскердик кийимди, айырмалоочу белгилерин жана жабдыктарды алып жүрүүнүн бирдиктүү эрежелерин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары улуттук аскердик кийимди жана айырмалоочу белгилерин кийип жүрүүгө өтүшүнүн этаптуу мөөнөттөрүн, ошондой эле кийимдин жаңы үлгүсүнө жана айырмалоочу белгисине өткөнгө чейин эски же башка үлгүдөгү аскердик кийимди жана айырмалоочу белгисин алып жүрүшүнүн эрежелерин аныктасын;
- республиканын ишканаларында мамлекеттик буюртманы жайгаштыруу маселелерин карасын;
- өз чечимдерин жана ченемдик актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын айырмалоо белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 30-августундагы № 280 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 88 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы ПЖ № 82 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Указ · 02.05.2015 · № 82
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.10.2007 · № 481
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-январындагы №15 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери менен камсыздоо…Постановление · 15.01.2006 · № 15 · Күчүн жоготкон
- Приказ Минобороны КР от 11 декабря 2006 года №444 "Об утверждении Единых Правил ношения военной формы одежды военнослужащими Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Приказ · 11.12.2006 · № 444 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы ПЖ №364 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.12.2010 · № 364 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими…Указ · 01.03.2006 · № 88 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы ПЖ № 82 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Указ · 02.05.2015 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 30-августунун №280 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучторунун аскер кызматчыларынын айырмалоо белгилери жонундо" ЖарлыгыУказ · 30.08.2004 · № 280
- КР Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы ПЖ №364 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.12.2010 · № 364 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.