Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 2 мая 2015 года УП № 82 "О военной форме одежды и знаках различия военнослужащих Вооруженных Сил, других воинских формирований и государственных органов Кыргызской Республики, в которых законом предусмотрена военная служба"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-02.
КР Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы ПЖ № 82 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 1-марты ПЖ №88 Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын аскердик кийими, айырмалоочу белгилеринин таандыктыгын белгилөө жана тартипке салуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-пункттагы "жарыяланган күндөн тартып" деген сөздөр "кол коюлган күндөн тартып" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын кийиминин, бут кийиминин, жабдыктарынын жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасында (№ 2 тиркеме):
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын параддык жана күндөлүк погондорунун сунуш кылынган сыпаттамасынын V бөлүмүнүн эскертмесинин биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Аскердик соту жана Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы" деген сөздөр кошулсун;
- аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын погондорунун жана формалык фурнитураларынын сүрөттөрүндө:
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын погонунун галунунун (жылчыгынын) үлгүлүк түсүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн каралган погондордо "КР КМ" деген сөздөрдөн кийин "КР АС", "КР АП" деген сөздөр кошулсун. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлеринин түрлөрүнүн үлгүлүк эмблемасында укук коргоо органдары үчүн каралган эмблемада "укук коргоо" деген сөздөн кийин "жана сот" деген сөздөр кошулсун.
2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмгө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы ПЖ № 82 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Указ · 02.05.2015 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 11-августундагы № 311 " Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик…Указ · 11.08.2005 · № 311 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы ПЖ № 82 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Указ · 02.05.2015 · № 82
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 11-августундагы № 311 " Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик…Указ · 11.08.2005 · № 311 · Күчүн жоготкон