Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери менен камсыздоо тартиби жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 10 февраля 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики в связи с образованием Министерства обороны Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-02-10.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 15-январы N 15 Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери менен камсыздоо тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы N 765, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомдордун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 11-августундагы N 311 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирүүчү Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору аскер кызматчыларын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери менен этап этабы менен камсыздоону бекитилген сыпаттамаларга так ылайык жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттө Аскердик кийим формасын, айырмалоочу белгилерин жана шаймандарын кийүүнүн жана тагынуунун бирдиктүү эрежелерин иштеп чыксын. белгиленген тартипте бекитсин жана ишке киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы N 765, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору бул максаттарга бөлүнгөн каражаттарынын чектеринде айырмалоочу белгилеринин белгиленген үлгүлөрү менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн керектөөлөрү үчүн кездемелердин, кийим-кечелердин, бут кийимдердин, шейшептердин, шаймандардын, айырмалоочу белгилердин жана башка фурнитуралардын белгиленген үлгүлөрүн жасоого мамлекеттик заказды жайгаштыруу боюнча республиканын ишканаларын белгиленген тартипте аныктасын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору:
- атайын, ведомстволук кийим формаларынын, айырмалоочу белгилердин жана башка фурнитуралардын сыпаттамалары боюнча өзүнүн нормативдик укуктук актыларына эки айлык мөөнөттө өзгөртүүлөрдү киргизишсин;
- аскердик, атайын, ведомстволук кийим формаларынын, айырмалоочу белгилеринин жана башка фурнитураларынын жаңы үлгүлөрүнө алты айлык мөөнөттө өтүүсүн уюштурсун.
6. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте аскердик кийим формасын мыйзамсыз кийүү, жасоо жаыа сатуу үчүн администрациялык жоопкерчиликти киргизүү бөлүгүндө "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте даярдасын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлиги:
- аскердик кийим формасын, шаймандарды, айырмалоочу белгилерди жана башка фурнитураларды жасоону жана сатууну лицензиялоо бөлүгүндө "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун белгиленген тартипте даярдасын;
- ишкердикти лицензиялоону Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин макулдашуусу боюнча жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана администрациялык ведомстволоруна Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген погондорду айырмалоочу белгилерди жана аскердик кийим формасын атайын жана ведомстволук кийим формасында пайдаланууга тыюу салынсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.02.2023 · № 68
- Приказ Минобороны КР от 11 декабря 2006 года №444 "Об утверждении Единых Правил ношения военной формы одежды военнослужащими Вооруженных Сил Кыргызской Республики"Приказ · 11.12.2006 · № 444 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 27 апрелиндеги № 217 токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы №765"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери…Постановление · 08.11.2006 · № 765 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.02.2023 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылдын 11-августундагы № 311 " Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын улуттук аскердик…Указ · 11.08.2005 · № 311 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон