Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун ПЖ № 284 «Ишкердик субъектеринин ишине контролдоочу, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 9 декабря 2016 года УП № 292 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-09.
КР Президентинин 2016-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 292 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2005-жылдын 23-июлу ПЖ № 284 Ишкердик субъектеринин ишине контролдоочу, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик органдардын экономикалык иштин субъекттеринин ишине кийлигишүүсүнө, укук коргоо, контролдоочу органдардын функцияларын кайталанышын жокко чыгаруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасында ишкердикти жүргүзүү үчүн зор тоскоолдуктарды же кыйынчылыктарды түзгөн мыйзам жана башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын актыларында камтылган өзүн актабаган ар кандай каттоо, уруксат берүү, фискалдык, контролдук, көзөмөлдүк жана башка артыкбаш мамлекеттик функцияларды жоюу 2005-2006-жылдарга мамлекеттик органдардын эң маанилүү милдети деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү курамына таламдаш тараптардын өкүлдөрүн кошуу менен ишкердик ишиндеги бардык өзүн актабаган бөгөттөрдү жана артыкбаш мамлекеттик функцияларды жоюуга багытталган мыйзамдарды жана башка сунуштарды даярдоо боюнча атайын комиссияны түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинде кызмат адамдарынын, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлеринин жана ишкерлердин экономикалык кылмыштарын табуу, бетин ачуу жана тергөө функцияларынын кайталанышын жоюу максатында ал функцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полицияга топтоо максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча тийиштүү мыйзам жана башка сунуштардын пакетин иштеп чыгууну, ошондой эле ишкердик ишин андан ары жигердештирүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгууну камсыз кылсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Ф.Ш.Куловго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусу
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 44-б атайын комиссия түзүлүүсү жөнүндөСоглашение · 03.02.2006 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-апрелиндеги № 308/5/5 " 2006-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз…Постановление · 28.04.2006 · № 308/5/5
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы №626 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2006-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жыйынтыктары…Постановление · 28.08.2006 · № 626
- КР Президентинин 2016-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 292 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 09.12.2016 · № 292
- КР Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 27.10.2007 · № 481
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-августундагы № 354 "2005-жыддын биринчи жарым жылдыгы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары…Постановление · 06.08.2005 · № 354 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 9-декабрындагы № 572 "2005-жылдын 10 айы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 09.12.2005 · № 572 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2016-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 292 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 09.12.2016 · № 292
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.