Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2005-жыддын биринчи жарым жылдыгы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2005-жылдын экинчи жарымына милдеттер жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-03-14.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 6-августундагы № 354
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-жыддын биринчи жарым жылдыгы үчүн Кыргыз
Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн
жыйынтыктары жана 2005-жылдын экинчи жарымына милдеттер
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 14-мартындагы № 159 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005-жылдын I жарым жылдыгында
экономиканы өнүктүрүү жана турукташтыруу, мамлекеттик башкаруу
органдарын түзүү жана коррупцияга каршы активдүү күрөшүү боюнча кыйла
иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт.
2005-жылдын январь-июнунда ИДП 2,4 процентке көбөйгөн. Инфляциянын
дењгээли өткөн жылдын дењгээлине карата 4,5 процентти түзгөн, бул 2005-
жылга прогноздук көрсөткүчтөрдөн кыйла ашат. Сомго карата АКШ
долларынын орточо алмашуу курсу 41,06 сомду түзүп, 5,1 процентке
төмөндөгөн.
Мамлекеттик бюджеттин кирешелери 2005-жылдын январь-июнунда 9105,8
млн. сомго жетип, өткөн жылга салыштырганда 11,2 процентке көбөйгөн.
Салыктык түшүүлөрдүн суммасы 17,3 процентке өсүп, 7440,1 млн. сомду
түзгөн. Мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 2005-жылдын беш айында 7236,8
млн. сомду түзгөн жана 14,4 процентке өскөн.
2005-жылдын январь-июнунда мамлекеттик карыз 1732,2 млн. сомго
жоюлуп, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы карызынын
371,7 млн. сому төлөнгөн.
Ишканалардын жана калктын коммерциялык банктардагы депозиттеринин
көлөмүнүн өсүш темпи 2004-жылдагы 23,9 проценттен быйылкы жылы 12,7
процентине чейин төмөндөгөн.
Коммерциялык банктардагы резервдердин 20,4 процентке өсүшү жарым
жылдын аягындагы жүгүртүүдө акчанын үлүшүнүн 2004-жылдын ушундай эле
мезгилине салыштырганда 4,5 процентке азайышына алып келген.
Коммерциялык банктар тарабынан экономиканы кредиттөө басањдап кеткен.
Республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 2005-жылдын беш айында 671,4
млн. АКШ долларын түзгөн. Соода балансынын терс сальдосу түзүлүп, 126
млн. АКШ доллары болгон. Эл аралык резервдердин дењгээли туруктуу жана
беш айда импортту каржылоо үчүн республикага керектүү көлөмдөн
төмөндөгөн эмес.
Кыргыз Республикасынын экономикалык кырдаалы дагы эле болсо
туруксуз бойдон калууда. ИДПнын өсүшү 2005-жылдын I жарым жылдыгында
негизинен көрсөтүлүүчү кызматтарды (109,2 %) көбөйтүүнүн жана курулуш
көлөмдөрүнүн (106,8%) эсебинен камсыз кылынды.
Өнөр жай өндүрүш көлөмдөрүнүн төмөндөшү Нарын облусунан башка
(3,7%) республиканын бардык региондорунда болуп өттү.
Электр энергиясын экспорттук берүүлөр 548,9 млн. кВт.саатты түзүп,
43,4 процентке, анын ичинде Тажикстан Республикасына - 53,7 процентке
кыскарды.
Кен казып алуучу тармакта 32,7 процентке төмөндөө кендерде нефтинин
жана газдын запастарынын азайышынан жана Нарын облусунун Жумгал
районундагы Каракече кениндеги ишканалардын иштебей токтоп туруп
калышынан жана аларды өз алдынча басып алуулардан улам азайып кеткен.
Кайра иштетүүчү өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 87,7 процентке чейин
түшкөн, бул "Кумтөр" кенинин карьердик запасынын азайышынан улам алтын
казуу көлөмүнүн андан аркы төмөндөшү менен түшүндүрүлөт.
Дурус өсүш темптери тамак-ашты кайра иштетүү өнөр жайында (104,6%)
ликер-арак продукциясын, кондитер продукциясын, жашылча-жемиш
ширелеринин консерваларын, алкоголсуз суусундуктарды, ферменттелген
тамекини чыгаруунун жана пахтаны кайра иштетүүнүн өсүшүнөн байкалат.
Инвесторлорду тартуу жана текстиль, тигүү өндүрүшүндөгү иштерди
легалдаштыруу боюнча көрүлгөн чаралардын эсебинен өсүш темпи 147,1
процентти түзгөн. Жењил өнөр жай ишканаларынын чет өлкөлүк кредит
боюнча карыздарын реструктуралаштырууда бул көрсөткүч кыйла жогору
болушу мүмкүн.
Республикада мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча иштер
уланууда. Менчик мамилелерин кайра түзүүнүн натыйжасында
менчиктештирүүнүн жалпы дењгээли 2005-жылдын 1-июлуна карата 71,4
процентти түздү. Мамлекеттик менчикти пайдалануу жана менчиктештирүү
процессинде каражаттардын түшүшү 76,9 млн. сомду, анын ичинде
менчиктештирүүдөн 37,6 млн. сомду, мамлекеттик мүлктү ижаралоодон 2,2
млн. сомду, дивиденддерден - 35,2 млн. сомду түздү. 2005-жылдын
биринчи жарымында 5311,1 мињ сом жалпы суммасында 14 мамлекеттик
ишкана менчиктештирилген.
2005-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча айыл чарбасында
айдап-себүүнүн жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйнап алуунун кечигишинен
дан (51,1%ке), картошка (11,6%ке), жашылча (48,7%ке) өндүрүүнүн
кыскарышынан айрым төмөидөөлөр (98,9%) болгон. Аба-ырайынын
шарттарынан улам айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо кеч башталган, алсак
2005-жылдын июль айынын башталышында алар 7,7 мињ гектар аянттан
жыйналып, бул өткөн жылга караганда 2 эсеге аз болуп калган.
Жыйноочу айыл чарба техникаларына ремонт жүргүзүү темптери өткөн
жылга салыштырганда төмөн болгондугун белгилей кетүү керек. 2005-
жылдын 5-июлундагы абал боюнча жалпысынан республикада колдо болгон
3308 дан жыйноочу комбайндан 2247си же 2004-жылдагы 68,6 проценттин
ордуна 67,9 проценти ремонттолгон. Өзгөчө Нарын облусунда дан жыйноочу
комбайндардын ремонту - 62 процент, Ысыккөлдө - 52,5 процентти түзүп,
өтө төмөнкү темпте жүрүүдө.
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда союуга мал жана
канаттуу (тирүүлөй салмакта 0,8%ке), сүт өндүрүү (1,7%ке), жумуртка
(9%ке) көбөйгөн жана ошол эле мезгилде жүн өндүрүү (2,6%ке), бир уйдан
орточо сүт саап алуу (0,6%ке) азайып кеткен.
2005-жылдын I жарымында айыл чарба сырьелорун өнөр жайлык кайра
иштетүү продукциялары: сүт өнөр жайында (29,1%ке), балмуздактарды
(104,7%ке), ундан жасалган кондитер азыктарын (22,0%ке), май чыгаруу
өнөр жайында (25,9%ке), ун-акшак (18,2%ке), ликер-арак (8,6%ке), пиво
чыгаруу (20,3%ке), минералдык сууларды жана алкоголсуз суусундуктарды
куюуда (22,5%ке) продукция өндүрүү көбөйгөн.
2005-жылдын I жарымында табигый кырсыктардын алдын алуу жана жоюу
боюнча авариялык-калыбына келтирүү жана курулуш иштеринде 117,1 млн.
сом өздөштүрүлгөн, бул жылдык прогнозго карата 68 процентти түзөт же
2004-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 26,8 млн. сомго көп.
Негизги фонддорунун наркы 66,7 млн. сом суммасындагы 20 объектти
пайдаланууга киргизилген, селдерди жана суу ташкындарын авариясыз
өткөрүү, социалдык-маданий багыттагы объекттерди оњдоо жана саламаттык
сактоо боюнча иштерди уюштуруу үчүн райондордун мамлекеттик
администрацияларына жардам катары 17 млн. сом жалпы суммасында
материалдык ресурстар акысыз бөлүнгөн.
Курулуштун дүњ продукциясынын көлөмү өсүп (106,8%), негизинен
калктын каражатгарынын жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке
ашыруунун, ошондой эле уюмдар менен ишканалардын каражаттарынын
эсебинен 2833,2 млн. сомду түзгөн. Турак жайларды куруу темптери 22
процентке жогорулагандыгын белгилей кетүү керек.
Байланыш кызматтарынын 70,8 процентке өсүшүнүн эсебинен кызмат
көрсөтүүлөрдү дүњ чыгаруу 31646,7 млн. сомду (109,2%) түздү.
Транспорттун бардык түрлөрү менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу
темптери кыйла азайгандыгы (0,5%ке), соода жүгүртүүнүн (5,9%ке) жана
мейманканалар менен ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн (5,8%ке)
өсүш темпи жайлагандыгы байкалат.
Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун, мамлекеттик башкаруу
органдарын маалыматтык камсыздоонун, электрондук коммерциянын дењгээли
төмөн бойдон калууда. "Онлайн" режиминде көрсөтүлүучү мамлекеттик
кызматтардын саны алардын жалпы саньшын бар болгону 1,3 процентин
түзөт.
Туристтик тармакта 2005-жылдын I кварталында туристтердин келишинен
түшкөн кирешелер 17,1 млн. АКШ долларын түзгөн, бул өткөн жылдагыдан
10,8 процентке төмөн.
2005-жылдын 6 айында ишкердиктин чарбакер субъекттеринин саны өсүп,
18,4 процентти түзгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин
аткаруучунун 2005-жылдын 23-июлундагы № 284 "Контролдоочу, укук коргоо
жана башка мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттеринин иштерине
кийлигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу
администрациялык тоскоолдуктарды четтетүүгө мүмкүндүк берет.
Чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү максатында Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан "2005-жылдын 24-25-мартындагы
окуялардын натыйжасында жапа чегишкен чарбакер субъекттерге жардам
көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2005-жылдын ичинде
тиешелүү чарбакер субъекттерге текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуучу
2005-жылдын 14-апрелиндеги № 158 токтому кабыл алынган.
2005-жылдын I жарымында негизги капиталга инвестициялар алдын ала
маалыматтар боюнча 3270 млн. сомду түздү жана 17,8 процентке азайды,
бул чет өлкөлүк кредиттердин (24,9%ке) жана гранттардын (66,8%ке)
эсебинен капиталдык салымдардын азайышы менен шартталган жана жеке
инвестициялык ресурстарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги
боюнча чет өлкөлүк карыздардын ордун алмаштыруу боюнча саясатка дал
келет. Алсак, жеке тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын (725,5%ке)
жана калктын каражаттарынын (14%ке) эсебинен капиталдык салымдар
көбөйгөн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү турак жай курулушун өнүктүрүүгө
өзгөчө көњүл бурат. Алсак, турак жай курулушуна 903.5 млн. сом негизги
капиталдагы инвестиция жумшалган, бул 2004-жылдын I жарымынын
дењгээлинен 8,5 процентке көп. Экинчи кварталда 152,5 мињ кв.метр
турак жай пайдаланууга киргизилген, бул өткөн жылдын тийиштүү
мезгилиндеги дењгээлден 36,4 процентке көп.
Экономиканы өнүктүрүүдө жана инвестициялык климаттын жагымдуулугун
арттырууда негизги тоскоол болуучу фактор коррупциянын дењгээлинин
жогору болушу болуп саналат.
2005-жылдын мартында болуп өткөн окуя региондордо социалдык-
экономикалык өнүктүрүүдөгү курч проблемалардан улам келип чыккан, анда
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары
боюнча 2004-жылы кедейчиликтин дењгээли орточо 45,9 процентти түзгөн.
Региондордо кедейчиликтин дењгээли Чүй облусундагы 17,1 проценттен
Нарын облусундагы 65 процентке чейинки аралыкта байкалат, бул
өндүрүштүн бирдей жайгаштырылбагандыгына, жумушчу орундарынын
жетишсиздигине жана тиешелүү түрдө кирешелердин дењгээлинин
төмөндүгүнө байланыштуу. Жумушсуздуктун дењгээли расмий маалыматтар
боюнча 9,5 процентти түзөт жана өткөн жылга салыштырганда 0,7
процентке өсүп кеткен.
Калктын социалдык абалын жакшыртуу үчүн отчеттук мезгилде Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан пенсиянын базалык бөлүгү жогорулап
жана дифференцияланды, анын камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылды, билим
берүү жана саламаттык сактоо кызматкерлерине эмгек акынын өлчөмү
(15%ке), маданият кызматкерлерине (13%ке), укук коргоо органдарынын
кызматкерлерине (50%ке) көбөйтүлдү, республиканын бардык региондорунда
пенсиялар менен эмгек акыларды өз учурунда төлөп боюнча чаралар
көрүлүүдө. Республика боюнча орточо номиналдык эмгек акы 2005-жылдын
январь-июнунда 2315,4 сомду түздү жана 15,9 процентке көбөйдү.
2005-жылдын 1 жарымында Кыргыз Республикасынын социалдык-
экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен, ушул жылга
экономикалык саясаттын артыкчылыктары негизги макроэкономикалык
көрсөткүчтөрдү колдоо, мамлекеттик башкаруу органдарында коррупциялык
системаны жоюу, бюджеттик же салыктык реформа жана мамлекеттик
чыгашалардын бекем саясатын жүргүзүү, жеке менчикти коргоо жана тике
чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, ошондой эле тышкы сооданы
активдештирүү жана тышкы рынокто ата мекендик товарлардын протекциялык
саясатын жүргүзүү болуп саналат.
Экономиканы турукташтыруу жана өнүктүрүү, республиканы социалдык-
экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик жана ишкердик
структуралардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү жолугушууларда Кыргыз
Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.С.Бакиев тарабынан
коюлган милдеттерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Министерликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, облустардын мамлекеттик
администрацияларынын, Бишкек жана Ош шаарынын мэрияларынын жетекчиле-
ри коомдук-саясий кырдаалды андан ары турукташтыруу жана 2005-жылга
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн өсүш темптерин камсыз кылуу боюнча
чараларды көрүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте бекем
финансылык жана акча-кредиттик саясат жүргүзүүнүн негизинде
макроэкономикалык туруктуулукту жана Париж клубунун алдында
милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 13-январындагы №
3 буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы
редакциясынын долбоорун даярдоо боюнча комиссия менен бирдикте
бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана чыњдоо максатында колдонуудагы
мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
белгиленген тартипте сунуш киргизсин;
- "ОЕСF (Япония) жана КFW банкынын (Германия) кредиттери боюнча
текстиль тармагынын ишканаларын милдеттенмелеринин төлөө мөөнөтүн
өзгөртүү жана "Жеке ишкердикти колдоо" кредиттик линиясы боюнча
карыздарды реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 975 токтомун аткаруу боюнча
эки жумалык мөөнөттө чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлиги менен бирдикте тышкы карызды пайдаланууга бир айлык
мөөнөттө ревизия жүргүзсүн (экономикалык өсүшкө таасирди эске алуу
менен) жана өндүрүш менен кызмат көрсөтүүлөргө андан аркы карыз
алууларды багыттоо боюнча сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлиги менен бирдикте инфляциялык процесстерди токтотууга
багытталган катуу чаралардын программасын иштеп чыгуу сунуш кылынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлиги:
- "Эсептелген проценттер, финансылык жана айыптык санкциялар боюнча
карыздарды реструктуралаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдасын жана 2005-жылдын III
кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- продукцияларды милдеттүү сертификациялоо жол-жоболорун
жөнөкөйлөтүүгө жана анын ачык-айкындуулугуна, коопсуздук көрсөткүчтөрү
боюнча алып келинүүчү продукцияларды контролдоого жана милдеттүү
сертификациядан өтүүгө тийиш болгон продукциянын тизмесин кыскартууга
багытталган токтомдордун долбоорлорун 2005-жылдын 1-сентябрына чейинки
мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- нефтепродуктуларын өндүрүү боюнча ишканалардын кубаттуулуктарын
иштетүүгө карата бир айлык мөөнөттө сунуш киргизсин;
- 2005-жылдын IV кварталында инвестициялардын агымын стимулдоо
боюнча чараларды карап, алыскы региондордо өндүрүштөрдү өнүктүрүү
программасын иштеп чыксын;
- 2005-жылдын IV кварталында инвестициялык климатты жакшыртуу
максатында "Инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
- айрыкча Нарын жана Ысыккөл облустары үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн
жыйнап алууну жүргүзүү үчүн зарыл көлөмдөрдө республикага күйүүчү-
майлоочу материалдарды ташып келүүнү уюштурууда жана күйүүчү-майлоочу
материалдардын туруктуу баасын сактоодо нефтетрейдерлерге көмөк
көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги төмөнкүлөр менен бирдикте:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте айыл
чарба өсүмдүктөрүн оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө жыйнап алууну
жүргүзүү боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлиги, "Кыргызтамекиси" мамлекетгик акционердик
корпорациясы, "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы, облустардын
мамлекеттик администрациялары менен бирдикте пахтанын, тамеки
жалбырагынын, төө буурчактын жана картошканын өстүрүлгөн түшүмүн сатып
алууга жана берүүлөргө контракттарды түзүүдө көмөк көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана
минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентство "Кыргызалтын" ААКы
менен бирдикте:
- Жерүй кенин өздөштүрүү, ошондой эле Сол жээк Талдыбулак кенин
иштетүү менен байланыштуу юридикалык маселелерди чечүүнү тездетүү
боюнча чараларды көрсүн;
- 2005-жылдын акырына карата геологиялык чалгындоо иштеринин
тизмесин жана жүргүзүү мөөнөтүн иштеп чыксын.
7. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети:
- 2005-жылдын сентябрында 2004-2006-жылдарга Кыргыз Республикасында
мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинде илгерилетүү боюнча иштерди
тездетсин;
- акциялардын мамлекеттик пакетине туура келүүчү дивиденддерди
ишканалардан өндүрүүнү жана республиканын бюджетине түшүрүүнү камсыз
кылсын;
- структуралык реформаларды улантуу жана ири ишканалардын
натыйжалуу иштешин жогорулатуу максатында энергетика секторун
менчиктештирүү (концессияга өткөрүү) боюнча 2005-жылдын 1-сентябрына
чейин сунуштарды киргизсин;
- мамлекет мүлк сатылуучу ишканадагы милдеттенмелерди
инвесторлордун аткарышы үчүн туруктуу контролдукту камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча
мамлекеттик агентство:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана
соода министрлиги менен бирдикте электр энергетика секторунда
коммерциялык коромжулуктарды кыскартуу жана электр энергиясын
мыйзамсыз керектөөгө жоопкерчиликти күчөтүү максатында электр
энергиясына товардын расмий статусун берүү боюнча мыйзам долбоорун эки
айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
киргизсин;
- "Электр станциялары" ААКы менен бирдикте 2005-жылы 2,2 млрд.
кВт.сааттан кем эмес электр энергиясын экспорттоону камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча
мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасында туристтик бизнести көбөйтүү боюнча кыска
мөөнөттүү программаны иштеп чыксын;
- учурдагы туристтик сезондо Кыргыз Республикасына туристтердин
келишин камсыз кылуу боюнча таасирлүү чаралардын комплексин иштеп
чыксын жана жүзөгө ашырсын.
10. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлиги "Электрондук өкмөт" системасын колдонууга киргизүү боюнча
иштерди тездетүү максатында каржылоо булактарын көрсөтүү менен бул
системаны өнүктүрүү долбоорун даярдасын.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана
курулуш боюнча мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын тиешелүү
министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык
ведомстволору, мамлекеттик комиссиялары, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен
бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун
2005-жылдын 27-майындагы № 195 буйругу менен бекитилген Турак жай
курулушун өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин планын жүзөгө ашырууну
камсыз кылсын.
Биринчи вице-премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 6-августундагы № 354
токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын өнөр жай ишканаларынын
ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 14-мартындагы №159 токтомунун
редакциясына ылайык)
| № | Ишкананын аталышы | Кызматы | Кураторлор |
| Чүй облусу | |||
| 1 | "КЦШК" АКсы | КР Биринчи | Керимкулов М.Т. |
| вице-премьер-министри | |||
| 2 | "Токмок КСМ" АКсы | Чүй облусунун | Маткеримов С.А. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орунбасары | |||
| 3 | "Линолеум" АКсы | Кемин районунун | Сокеев Т.С. |
| мамадминистрация | |||
| башчысы | |||
| 4 | "Кара-Балта килем" | Жайыл районунун | Сакебаев Э.А. |
| ЖЧКсы | мамадминистрация | ||
| башчысы | |||
| 5 | "Бияз" ЖЧКсы ("Касиет" | Чүй облусунун | Кулмурзаев Т.Н. |
| АКсынын базасында) | мамлекеттик | ||
| администрация башчысы - | |||
| губернатору | |||
| 6 | "Ак-Була" АКсы (ПОШ) | Токмок шаарынын мэри | Сулайманкулов А.Д. |
| 7 | "Кыргыз-кытай кагаз | Экономика жана финансы | Жапаров А.Ү. |
| фабриксы" ААКы | министри | ||
| 8 | "КГРК" АКсы | Өзгөчө кырдаалдар | Рустенбеков Ж.С. |
| министри | |||
| 9 | "КХМЗ" АКсы | Өнөр жай, соода жана | Атамбаев А.Ш. |
| туризм министри | |||
| 10 | "Ак-Түз" АКсы | Чүй облусунун | Маткеримов С.А. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 11 | "Кайыњды кабель | Өнөр жай, соода жана | Жунушалиев Т.Ш. |
| заводу" ААКы | туризм министринин орун | ||
| басары | |||
| 12 | "Кемин электр | КР Улуттук банкынын | Сарбанов У.К. |
| техникалык завод)" АКы | төрагасы (макулдашуу | (негизги проблема- | |
| боюнча) | Тышкыэкономбанктан | ||
| карызды кайтарып | |||
| алуу) | |||
| 13 | "Түндүкэлектр" ААКы | КР ПМА жетекчиси | Коеналиев Т.К. |
| 14 | "Ак-Сүт" АКсы | Москва районунун | Минеева Ю.Ю. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 15 | "Токмок ГМЗ" АКсы | Токмок шаарынын мэри | Сулайманкулов А.Д. |
| 16 | "Кайыњды-Кант" АТАКы | Мамалкоинспекциянын | Жамангулов Ж. |
| директору | |||
| 17 | "Кошой" ААКы | Айыл, суу чарба жана | Кулов Т.А. |
| кайра иштетүүчү өнөр | |||
| жай министринин орун | |||
| басары | |||
| 18 | Мунай продукттарын | НИСМдин директору | Атаханов П.З. |
| иштетүү боюнча Кант | |||
| заводу ("Восток" БИ) | |||
| 19 | Мунай продукттарын | Кемин районунун | Сарманова С.А. |
| иштетүү боюнча Кемин | мамлекеттик | ||
| заводу | администрация | ||
| башчысынын орун басары | |||
| 20 | "Кыргыз радиозаводу" | Чүй облусунун | Сакебаев А.А. |
| ААКы | мамлекеттик | ||
| администрация | |||
| башчысынын биринчи орун | |||
| басары | |||
| 21 | "Заман" ЖЧКсы | Чүй облусунун | Ляленко Н.И. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 22 | "Усу-Салкын пиво" ААКы | Москва районунун | Минеева Ю.Ю. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 23 | "Аксуу КПСК" АКсы | Айыл, суу чарба жана | Анарбаев А.А. |
| кайра иштетүүчү өнөр | |||
| жай министри | |||
| 24 | "Абдыш-Ата" ЖЧКсы | Ысыката районунун | Карымбаев К.О. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 25 | "Чүй канаттуулар | Чүй районунун | Мурзалиев И.А. |
| фабрикасы" ААКы | мамлекеттик | ||
| администрация башчысы | |||
| 26 | "Бакай-Инпак" ЖЧКсы | Карабалта шаар | Тищенко С.Н. |
| башкармалышнын башчысы | |||
| 27 | "Имоту-Энтерпрайз" | ГКИнин төрагасынын орун | Макаров А.М. |
| АКсы | басары | ||
| 28 | "Консерва заводу" | Айыл, суу чарба жана | Байтемиров Б.Ж. |
| ЖЧКсы (Токмок ш.) | кайра иштетүүчү өнөр | ||
| жай министринин орун | |||
| басары | |||
| 29 | "Кара-Балта спирт | Финансылык полиция | Токочбаев К.Т. |
| заводу" МИ | кызматынын директору | ||
| 30 | "Айлана" ЖЧКсы (Бакай | КР Вице-премьер- | Мадумаров А.К. |
| компаниялар тобу) | министри | ||
| "Жибек-Жолу" АКсынын | |||
| жабдуулар базасында | |||
| балдар тамак-ашын | |||
| чыгаруу бөлүгүндө | |||
| 31 | "Курулуш буюмдар | Сокулук районунун | Чыныбаев А.Ч. |
| заводу" АКсы | мамлекеттик | ||
| администрация башчысы | |||
| 32 | "Эдельвейс" АКсы | Юстиция министринин | Бекиев Б.Ж. |
| орун басары | |||
| 33 | "Ата ЛТД" АКсы | Саламаттык сактоо | Ибраимова А.С. |
| министринин орун басары | |||
| Ош облусу | |||
| 34 | "Ак-Була Араван пахта | Араван районунун | Артыков Ш.Ж. |
| заводу" АКсы | мамлекеттик | ||
| администрация башчысы | |||
| 35 | "Потенциал" ЖЧКсы | Ош облусунун | Бургоев Б.Б. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 36 | "Оргнеупор"ЖЧКсы | Ош облусунун | Бакашев М.А. |
| мамлекеттик орун басары | |||
| 37 | "Ош-Дюбек" АКсы | Ош облусунун | Тезекбаев К.Т. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын биринчи орун | |||
| басары | |||
| 38 | "Ошэлектр" АКсы | Ош облусунун | Закиров А.З. |
| мамлекеттик | |||
| администрация башчысы - | |||
| губернатору | |||
| 39 | "Аска" АКсы | Ош облусунун | Бакашев М.А. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 40 | "Кара-Суу Дан Азык" | Айыл, суу чарба жана | Касымов К. |
| АКсы | кайра иштетүүчү өнөр | ||
| жай министринин орун | |||
| басары | |||
| 41 | "Кара-Шоро" АКсы | ГКИнин төрагасынын | Бакиров С.К. |
| биринчи орун басары | |||
| Бишкек шаары | |||
| 42 | "Бишкек курулуш | Ленин районунун | Байло Н.И. |
| материалдары" АКсы | администрация башчысы | ||
| 43 | "Кыргызташ" АКсы | Ленин районунун | Матмусаев М.М. |
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 44 | "Бишкек ТББ N 1" АКсы | Октябрь районунун | Исаев Ж.О. |
| администрация башчысы | |||
| 45 | "Кыргыз | ГФРЭ директору | Мадумаров К.М. |
| камволдук-нооту | |||
| комбинаты" АКсы | |||
| 46 | "Байпак" АКсы | Юстиция министри | Кайыпов М.Т. |
| 47 | "ВЛКСМ атындагы БШФ" | Бишкек ш. Биринчи | Клименко И.П. |
| АКсы | вице-мэри | ||
| 48 | "ОККО" АКсы | Свердлов районунун | Рахманов П.П. |
| администрация башчысы | |||
| 49 | "Булгаары" БИ | Тышкы иштер министринин | Сарбаев К.Т. |
| орун басары | |||
| 50 | "Бистайл" АТАК | Эмгек жана социалдык | Семененко Е.Г. |
| жактан коргоо министри | |||
| 51 | "Ак-Тилек" АКсы | Өнөр жай, соода жана | Молдокулов С.А. |
| туризм министринин | |||
| биринчи орун басары | |||
| 52 | "Илбирс" АКсы | Өнөр жай, соода жана | Молдокулов С.А. |
| туризм министринин | |||
| биринчи орун басары | |||
| 53 | "Учкун" АКсы | КР Вице-премьер- | Мадумаров А.К. |
| министри | |||
| 54 | "Кыргызполиграфкомби- | Билим берүү, илим жана | Нур уулу Досбол |
| наты" АКсы | жаштар саясаты министри | ||
| 55 | "Акыл" АКсы | Тышкы иштер министринин | Бешимов А.Ж. |
| орун басары | |||
| 56 | "Бишкек машзаводу" | Өнөр жай, соода жана | Атамбаев А.Ш. |
| АКсы | туризм министри | ||
| 57 | "Электротехник" АКсы | ||
| 58 | "OREMI" ААКы | Өнөр жай, соода жана | Атамбаев А.Ш. |
| туризм министри | |||
| 59 | "Бишкек штамптоо | Өнөр жай, соода жана | Атамбаев А.Ш. |
| заводу" МИ | туризм министри | ||
| 60 | "Авточогултуучу | Транспорт жана | Исаков Э.А. |
| заводу" АКсы | коммуникациялар | ||
| министринин орун басары | |||
| 61 | "Бургу заводу" АКсы | Маммүлкком төрагасынын | Абышов А.А. |
| орун басары | |||
| 62 | "Жанар" АКсы | Маалыматтык ресурстар | Кенжетаев А.Ш. |
| жана технологиялар | |||
| улуттук агентгигинин | |||
| директору | |||
| 63 | "Мунай мырза опт" | Транспорт жана | Сулайманов Н.Ч. |
| ЖЧКсы | коммуникациялар | ||
| министри | |||
| 64 | "Кыргызгаз" АКсы | Энергетика жана газ | Галикеев Э.Ш. |
| боюнча инспекциянын | |||
| директору | |||
| 65 | "Электр станциялары" | Экономика жана финансы | Жапаров А.Ү. |
| ААКы | министри | ||
| 66 | "Кыргызстандын улуттук | Энергетика жана газ | Түмөнбаев А.Р. |
| электр тармагы" ААКы | боюнча инспекциянын | ||
| директорунун орун | |||
| басары | |||
| 67 | "Бишкек жылуулук | Бишкек ш. мэри | Ногоев А.И. |
| тармагы" ААКы | |||
| 68 | "Кыргызтуракжайком- | Бишкек ш. вице-мэри | Худайбергенов Б.Ж. |
| мунсоюз" | |||
| 69 | "Бишкексүт" АКсы | Бишкек ш. вице-мэри | Мельничук Н.И. |
| 70 | "Эльвест" АКсы | Саламаттык сактоо | Каратаев М.М. |
| министринин орун басары | |||
| 71 | "Таттуу" АКсы | Саламаттык сактоо | Мамбетов К.Б. |
| министрлигинин | |||
| статс-катчысы | |||
| 72 | "Арпа" АКсы | Саламаттык сактоо | Штейнке Л.В. |
| министринин орун басары | |||
| - башкы санитардык | |||
| врачы | |||
| 73 | "Бишкек кондитер | Юстиция министринин | Бешимов Б.Ж. |
| комбинаты" АКсы | орун басары | ||
| 74 | "Айдан фарм" АКсы | Саламаттык сактоо | Ниязов Ш.Н. |
| министри | |||
| 75 | "Жылдыз-Шпарта" СКГП | Экономфинминдин статс- | Дикамбаев А.Ш. |
| катчысынын милдетин | |||
| аткаруучу | |||
| 76 | ТНК "Дастан" ААКы | КР Биринчи | Керимкулов М.Т. |
| вице-премьер-министри | |||
| 77 | "Борбор шаардагы | МСИнин директорунун | Касымалиев А.А. |
| ликер-арак заводу" | орун басары | ||
| АКсы | |||
| 78 | "Шампаншарапкомбинаты" | Бишкек ш. биринчи | Клименко И.П. |
| ЖЧКсы | вице-мэри | ||
| 79 | "Кыргыз тиричилик- | Коргоо министринин орун | Югай Б.А. |
| комплект" АКсы | басары | ||
| 80 | Бител ЖЧКсы | Коргоо министринин | Бекбоев М.С. |
| биринчи орун басары | |||
| 81 | Кател | ТИМдин статс-катчысы | Кыдыров Т.Т. |
| 82 | "Ала-Таш" ЖЧКсы | МБИ директорунун | Суваналиев С.И. |
| биринчи орун басары | |||
| 83 | "Кара-Арча" ЖЧКсы | Бишкек ш. вице-мэри | Алымкулов И.Т. |
| Жалалабат облусу | |||
| 84 | "Мата" ААКы | Жалалабат ш. мэри | Айсариев И.А. |
| 85 | "Кыргыз пахта" ЖТАК | Жергиликтүү өз алдынча | Болотбеков Б.Б. |
| башкаруу иштери боюнча | |||
| улуттук агенттиктин | |||
| директору | |||
| 86 | "Кристалл" МАК | ГКИнин төрагасы | Турдумамбетов Т.О. |
| 87 | "Майлуусуу электр | МБИ директору | Омаркулов С.Т. |
| лампа заводу" ААКы | |||
| 88 | "Кыргыз электроизолит" | Өзгөчө кырдаалдар | Айдаралиев Б.С. |
| МИ | министринин биринчи | ||
| орун басары | |||
| 89 | "Достук" АКсы | Финансылык отчеттуулук | Тойчубеков Ю.Ж. |
| жана аудит стандарттары | |||
| боюнча мамкомиссиянын | |||
| төрагасы | |||
| 90 | "Нур" АКсы | Жалалабат облусунун | Талиева К.А. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 91 | "Сары-алтын" ЖЧКсы | "Кыргызтамекиси" МАКтын | Жамшитов Ж.Ж. |
| башкы директору | |||
| 92 | "Айыл-Булак" АКсы | МБИ директорунун орун | Кулматов К.К. |
| басары | |||
| 93 | "Мүрөк" ЖЧКсы | Ноокен районунун | Сеитбеков Э.Н. |
| "Ынтымак" Ноокен томат | мамлекеттик | ||
| цехи | администрация | ||
| башчысынын милдетин | |||
| аткаруучу | |||
| 94 | "Таш-Көмүр" МАК | Экономика жана финансы | Асангулов К.К. |
| министринин орун басары | |||
| 95 | "Кыргызмунайгаз" АКсы | Өнөр жай, соода жана | Жунушалиев Т.Ш. |
| туризм министринин орун | |||
| басары | |||
| 96 | "Кыргыз Петролеум | Дене тарбия жана спорт | Асанов Б.Ж. |
| Компани" БИ | боюнча мамагенттиктин | ||
| директору | |||
| 97 | "Жалалабатэлектр" ААКы | Жалалабат облусунун | Айдаралиев И.Р. |
| мамлекеттик | |||
| администрация башчысы - | |||
| губернатору | |||
| 98 | "Голден дюбек" ЖЧКсы | Жалалабат облусунун | Акбаров А.А. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 99 | "Макмал алтын" АКсы | "Кыргызалтын" АКнын | Жакыпов А.С. |
| президенти (макулдашуу | |||
| боюнча) | |||
| Ысыккөл облусу | |||
| 100 | "Күрмөнтуцемент" ААКы | Архитектура жана | Кадырбеков И.Д. |
| курулуш боюнча | |||
| мамагенттиктин төрагасы | |||
| 101 | "Темир-Бетон" АКсы | Каракол ш. вице-мэри | Жаныбеков А.К. |
| (Каракол ТББ) | |||
| 102 | "Атакенч" ЖЧКсы | Мамлекеттик сатып | Сүюмбаев Б.А. |
| алуулар жана | |||
| материалдык резервдер | |||
| боюнча мамагенттиктин | |||
| директорунун орун | |||
| басары | |||
| 103 | "Алтын-Жээк" АКсы | Кыймылсыз мүлккө | Жумашев С.С. |
| укуктарды каттоо боюнча | |||
| мамлекеттик агенттиктин | |||
| директорунун орун | |||
| басары | |||
| 104 | "Кумтор ГК" БИ | "Кыргызалтын" АКнын | Жакыпов А.С. |
| президенти (макулдашуу | |||
| боюнча) | |||
| 105 | "Тянь-Шань калай" | Геология жана | Зубков В.П. |
| ЖЧКсы | минералдык ресурстар | ||
| боюнча мамагенттиктин | |||
| директору | |||
| 106 | "Озеро" БИ | Коргоо министри | Исаков И.И. |
| 107 | "ULAN" АКсы | Коргоо министринин орун | Орозбаев К.К. |
| басары | |||
| 108 | "Электротехникалык | Ысыккөл облусунун | Өмүралиев Э.К. |
| завод" АКсы | мамлекеттик | ||
| (Каракол ш.) | администрация башчысы - | ||
| губернатору | |||
| 109 | "Ак-Жалга" АКсы | Жетиөгүз районунун | Турдукеев З.Т. |
| мамлекеттик | |||
| администрация башчысы | |||
| 110 | "Шахта-Жыргалањ" МАК | Мамлекеттик сатып | Нуржанов Д.Т. |
| алуулар жана | |||
| материалдык резервдер | |||
| боюнча мамагенттиктин | |||
| директору | |||
| 111 | "Көк-Бел көмүр" ЖЧКсы | Аксуу районунун | Чекиев Т.Б. |
| мамлекеттик | |||
| администрация башчысы | |||
| 112 | "Чыгыш электр" ААКы | Ысыккөл облусунун | Алышбаев К.К. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын биринчи орун | |||
| басары | |||
| 113 | "Рем и Ж" ЖЧКсы | Ысыккөл облусунун | Өмүралиев Э.К. |
| мамлекеттик | |||
| администрация башчысы - | |||
| губернатору | |||
| Нарын облусу | |||
| 114 | "Оргтехника" АКсы | Нарын облусунун | Азылов Ж. К. |
| (Мињкуш) | мамлекеттик | ||
| администрация башчысы - | |||
| губернатору | |||
| 115 | "Ак-Улак разрези" АКсы | Ички иштер министри | Суталинов М.А. |
| 116 | "Беш-Сары" ПКФ | Ички иштер министринин | Мырзакаримов Ш.К. |
| биринчи орун басары | |||
| 117 | "Демилге плюс ЛТД" | Нарын облусунун | Абдыгазиев И.А. |
| ЖЧКсы | мамлекеттик | ||
| администрация | |||
| башчысынын биринчи орун | |||
| басары | |||
| 118 | "Ак-Жол көмүр"АКсы | Нарын облусунун | Эсенаманова С.К. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 119 | "Шарбон" ЖАКы | Ички иштер министринин | Субанов Т.У. |
| орун басары | |||
| 120 | "Чоњ-Туз" шахтасы | Кочкор районунун | Байтереков К. |
| мамлекеттик | |||
| администрация башчысы | |||
| 121 | "Соњ-Көл" БИ | Нарын облусунун | Эсенаманова С.К. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 122 | "Ак-Кулан" АКсы | Нарын ш. мэри | Богачиев Б. |
| Баткен облусу | |||
| 123 | ХРАО | Өнөр жай, соода жана | Жунушалиев Т.Ш. |
| туризм министринин орун | |||
| басары | |||
| 124 | "КСК" АКсы | Маммүлккомдун төрагасы | Турдумамбетов Т.О. |
| 125 | "Нур КМ" АКсы | Кызылкыя ш. мэри | Анарбаев А.А. |
| 126 | "Сүлүктүкөмүр" АКсы | Баткен облусунун | Айжигитов С.А. |
| мамлекеттик | |||
| администрация башчысы - | |||
| губернатору | |||
| 127 | "Кызылкыя ТФЗ" АКсы | "Кыргызтамекиси" МАКтын | Жамшитов Ж.Ж. |
| башкы директору | |||
| 128 | "Агропласт" Кызылкыя | Кызылкыя ш. мэри | Анарбаев А.А. |
| консерва заводу СК | |||
| 129 | "Төрт-Гүл мөмө-жемиш | Баткен районунун | Имаров А.И. |
| шарап комбинаты" ЖЧКсы | мамлекеттик | ||
| администрация башчысы | |||
| 130 | "Баткенмунайгаз" АКсы | Маалыматтык ресурстар | Кенжетаев А.Ш. |
| жана технологиялар | |||
| улуттук агенттигинин | |||
| директору | |||
| 131 | "Кызыл-Кыя көмүр" АКсы | "Көмүр" МИнин башкы | Рахманов П.П. |
| директору | |||
| 132 | "Беш-Бурхан" ЖЧКсы | Баткен облусунун | Мадалиев А.А. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын биринчи орун | |||
| басары | |||
| 133 | "Арка" НПЗ | Лейлек районунун | Шайназаров К.Т. |
| мамлекеттик | |||
| администрация башчысы | |||
| 134 | "Ынтымак" АКсы | Баткен облусунун | Кайманбетова С.А. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 135 | Бүргөндү мөмө-жемиш | Кадамжай районунун | Кенжебаев Д.Б. |
| шарап совхоз комбинаты | мамлекеттик | ||
| администрация башчысы | |||
| Талас облусу | |||
| 136 | "Арашан" АКсы | Талас облусунун | Мураталиев Б.М. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын биринчи орун | |||
| басары | |||
| 137 | "Азык" АКсы | Талас ш. мэри | Кашкаралиев М.Д. |
| 138 | "Талас машзаводу" АКсы | Талас облусунун | Абдылдаев Ш.И. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 139 | "Максат" АКсы | Талас облусунун | Курманалиева А.К. |
| мамлекеттик | |||
| администрация | |||
| башчысынын орун басары | |||
| 140 | Акдөбө айылындагы | Талас облусунун | Жээнбеков Ж.А. |
| спирт заводу | мамлекеттик | ||
| администрация башчысы - | |||
| губернатору | |||
| 141 | Ош шаары | ||
| 142 | "Текстильщик" АТАК | МБИ директору | Акматов Т.А. |
| 143 | "Ош-ФНМ" ЖЧКсы | Ош ш. мэри | Исаков Ж.Ы. |
| 144 | "Ош-Жибек" СКИ АКсы | Ош ш. мэри | Исаков Ж Ы. |
| 145 | "Ош заводу ТББ N 20" | Өзгөчө кырдаалдар | Жолчиев Б.Ж. |
| АКсы | министринин орун басары | ||
| 146 | "ОЗПН" ЖЧКсы | Финансылык көзөмөл жана | Тойчубеков Ю.Ж. |
| отчеттуулук боюнча | |||
| мамагенттиктин төрагасы | |||
| 147 | "Алмалык-Көмүр" АКсы | "Көмүр" МИнин башкы | Салиев Т.С. |
| директору | |||
| 148 | "Легпром" ассоциациясы | Өнөр жай, соода жана | Молдокулов С.А. |
| туризм министринин | |||
| биринчи орун басары | |||
| 149 | "Келечек" АКсы | Айыл, суу чарба жана | Анарбаев А.А. |
| кайра иштетүүчү өнөр | |||
| жай министри | |||
| 150 | "Ош Ак-Таш" АКсы | Архитектура жана | Кадырбеков И.Д. |
| курулуш боюнча | |||
| мамагенттиктин төрагасы |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын14-мартындагы №159 "2005-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2005-жылдын экинчи…Постановление · 14.03.2006 · № 159 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелинин № 158 " Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян тартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча…Постановление · 14.04.2005 · № 158 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Президента КР от 13 января 2004 года № 3 (Комиссия по по подготовке проекта новой редакции Налогового кодекса КР)Распоряжение · 13.01.2004 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- 2005-жылдын 24-25-мартындагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан чарбакер суъекттерге жардам берүү боюнча чаралар жөнүндөЗакон · 09.08.2005 · № 143 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 23-июлундагы ПЖ № 284 "Ишкердик субъектеринин ишине контролдоочу, укук коргоо жана башка мамлекеттик…Указ · 23.07.2005 · № 284 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 27-майындагы ПБ № 195 буругуРаспоряжение · 27.05.2005 · № 195 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 31-декабрынын № 975 "Текстиль тармагындагы ишканалардын ОЕСР (Япония) жана КРW банкынын (Германия) кредиттери боюнча милдеттенмелерди…Постановление · 31.12.2004 · № 975 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Инвестициялык фонддор жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 92